Кытайдан Кыргызстанга алынып кирген техникалардын баасынан бурмалоолор аныкталды

Кытайдан Кыргызстанга алынып кирген техникалардын баасынан бурмалоолор аныкталды

Кытайдан Кыргызстанга автоунааларды алып кирүүдө массалык бурмалоо фактылары аныкталганын Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Контрабандага каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыктын кызматкерлери мониторинг жана маалыматтарды талдоо учурунда автоунаалардын чыгарылган жылын өзгөртүү жана так эмес маалыматтарды камтыган документтерди берүү боюнча системалуу учурларды аныкташкан. Мунун кесепетинен бажы төлөмдөрү толук төлөнбөй келген.

Аныкталган фактылар:

  • 2023-жылдын 28-ноябры — "Нарын" МТОсунда Dongfeng жүк ташуучу унаасы 2019-жылы чыгарылган деп көрсөтүлгөн. Бирок VIN-кодду текшерүү анын 2016-жылы чыгарылганын тастыктаган. Жыйынтыгында 1 млн 802 миң 135 сом кошумча эсептелген.
  • 2024-жылдын 12-майы — "K.G.E." ЖЧКсы беш карьердик самосвалды 2022-жылы чыгарылган деп алып кирген. Талдоо алардын 2021-жылы чыгарылганын көрсөткөн. Натыйжада 3 млн 494 миң 811 сом кошумча эсептелген.
  • 2025-жылдын август–сентябрь айлары — "К.Б.Г." ЖЧКсы 13 самосвалды 2023-жылы чыгарылган деп декларациялаган. Экспертиза алардын 2020–2021-жылдары чыгарылганын аныктаган. 8 млн 93 миң 379 сом кошумча төлөм эсептелген.
  • 2025-жылдын 15-декабры — "Нарын" МТОсу аркылуу "Ц.С." ЖЧКсынын дарегине Iveco автоунаалары 2020-жылы чыгарылган деп киргизилген. Соттук-эксперттик кызмат заводдон коюлган шассинин номерлери өзгөртүлгөнүн жана айрым тетиктери 2008–2010-жылдары чыгарылганын аныктаган. 2 млн 148 миң 98 сом өндүрүлгөн.

Бажы кызматы мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатканын билдирди.

Бардык материалдар укуктук баа берүү үчүн Салык кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке 15 млн 538 миң 423 сом өндүрүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media