"Кыргызаэронавигация" ишканасы 92,6 млн сомго байкоо системасын сатып алат
"Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасы 92,6 млн сомго байкоо системасын сатып алууну пландап жатат. Тиешелүү тендер жарыяланды.
Техникалык тапшырмага ылайык, көп позициялуу байкоо системасынын алыстан орнотулуучу сенсорлору сатылып алынат. Атайын жабдуу TADOT—ONDIX—OGIGI жаңы аба трассасы боюнча учкан аба кемелери тууралуу радиолокациялык маалыматтарды алууну камсыздоого тийиш.
Сатып алуу менен катар жабдууну орнотуу, аны аба кыймылын автоматташтырылган башкаруу системасына интеграциялоо, сыноолорду өткөрүү жана инженердик-техникалык кызматкерлерди окутуу каралган.
Маршрут Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинин түштүк бөлүгү аркылуу өтүп, жогорку эшелондордогу каттамдарга, анын ичинде Борбордук Азия менен Түштүк Азия жана Жакынкы Чыгыш багыттарынын ортосундагы магистралдык транзитке арналган.
Система International Civil Aviation Organization (ICAO) талаптарына жооп берүүгө тийиш. Тендердик табыштамалар 16-мартка чейин кабыл алынат.