Кыргызстанда 5 жылда 2 трлн сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлгөн

Кыргызстанда 5 жылда 2 трлн сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлгөн

Беш жылдын ичинде айыл чарба продукциясын өндүрүү көлөмү 2 триллион сомго чамалаганын Садыр Жапаров бүгүн "Ынтымак Ордодо" өткөн республикалык кеңешмеде билдирди.

"Өзүңүздөр билгендей, өлкө калкынын 60%ы айыл жеринде жашайт. Демек, агрардык секторду өнүктүрүү жарандардын көпчүлүгүнө түздөн-түз кам көрүү дегенди билдирет. Беш жылдын ичинде биз айыл жергесиндеги элибизди колдоону негизги артыкчылык катары карадык. Анткени айылдын өнүгүшү менен үй-бүлө өнүгүп, аймак бекемделип, бүтүндөй өлкө чыңдалат", - деди президент.

Садыр Жапаров агротармактагы иштер конкреттүү жыйынтыктарды бергенин белгиледи.

"Беш жылдын ичинде айыл чарба продукциясын өндүрүү көлөмү 2 трлн сомго чамалады. Демек, бул тармакта дагы жаңы жумуш орундары пайда болуп, айылдагы үй-бүлөлөрдүн кирешелери өсүп, аймактар менен кошо бүткүл республиканын экономикалык өз алдынчалыгы чыңдала баштаганынан кабар берет", - деди президент.

Белгилей кетсек, бүгүн "Ынтымак ордодо" президент Садыр Жапаровдун катышуусунда 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарган республикалык кеңешме өттү.

Мындан тышкары окуңуз

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ош облусунун Ноокат райондук сот аткаруучулары жашы жете элек бир баланы багуу үчүн чегерилген алиментти төлөбөй келген жарандан карызын өндүрүп, баланын энесине беришкенин бүгүн Сот аткаруучулар кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал жаран 2021-жылдын март айынан быйылкы жылдын март айына чейин баласына бир да жолу алимент төлөгөн эмес, жалпы чогулган

Э.Акунбеков: Кыргызстанда сугат жерлердин жалпы аянты 1 млн 23 миң гектарга жетти

Э.Акунбеков: Кыргызстанда сугат жерлердин жалпы аянты 1 млн 23 миң гектарга жетти

Кыргызстанда сугат жерлеринин жалпы аянты 1 млн 23 миң гектарга жеткенин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков республикалык кеңешмеде айтты. Министрдин маалыматы боюнча, 2025-жылы 4 455 гектар жаңы сугат жер пайдаланууга берилди. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 22 эсе жогору

"Кыргызаэронавигация" ишканасы 92,6 млн сомго байкоо системасын сатып алат

"Кыргызаэронавигация" ишканасы 92,6 млн сомго байкоо системасын сатып алат

"Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасы 92,6 млн сомго байкоо системасын сатып алууну пландап жатат. Тиешелүү тендер жарыяланды. Техникалык тапшырмага ылайык, көп позициялуу байкоо системасынын алыстан орнотулуучу сенсорлору сатылып алынат. Атайын жабдуу TADOT—ONDIX—OGIGI жаңы аба трассасы боюнча учкан аба кемелери тууралуу радиолокациялык маалыматтарды алууну камсыздоого тийиш. Сатып алуу

Кыргызстан менен Румыния кош салык салууну жоюуну талкуулашты

Кыргызстан менен Румыния кош салык салууну жоюуну талкуулашты

23-26-февралда Бухарест шаарында Кыргызстан менен Румыниянын расмий делегациялары кирешеге салынуучу салыктар боюнча кош салык салууну жоюу жана салыктарды төлөөдөн качууну болтурбоо тууралуу Макулдашууга кол коюу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар документтин долбоорун кеңири талкуулап, анын негизги жоболору боюнча принципиалдуу макулдашууга жетишти. Макулдашууга