Президент 2021-2025-жылдары экономиканын көлөмү 3 эсеге өскөнүн билдирди
"2021-2025-жылдарды өлкөнүн экономикалык моделин терең трансформациялоого арнадык, - деди президент Садыр Жапаров бүгүн "Ынтымак Ордодо" өтүп жаткан республикалык кеңешмеде.
Президенттин айтымында, 5 жыл мурун пандемия учурунда өлкөдө мамлекеттик бюджеттин көйгөйлөрү, институттардын алсыздыгы жана инвестициялык активдүүлүктүн төмөндүгү байкалган.
"Мен 2021-2025-жылдар Кыргызстандын жаңы тарыхындагы сапаттуу экономикалык өнүгүү доору болуп калат деп ишенем. 2020-жылы өлкөнүн ИДПсы 8,3 млрд долларды түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгы менен ал 22,6 млрд долларга жетип, экономиканын көлөмү болжол менен 3 эсеге өстү", - деди өлкө башчысы.
Президенттин айтымында, жалпысынан 5 жылдын ичинде салыктык кирешелер 4 эсеге, бажы кирешелери 6 эсеге, ал эми салыктык эмес кирешелер 9 эсеге өскөн.
"Консолидацияланган бюджет 2020-жылы 313 млрд сомду түзсө, 2025-жылы 1 трлн 100 млрд сомдон ашты — бул 3,5 эселик өсүштү билдирет", - деди президент.