Иран дүйнө мунайынын 20%ы ташылчу Ормуз кысыгын жапты
Иран Ормуз кысыгын — дүйнөлүк мунай жана газ жеткирүүнүн негизги жолу болгон стратегиялык деңиз багытын — жапканын жарыялады. Бул кысык аркылуу дүйнөдөгү деңиз менен ташылган мунайдын болжол менен 20%ы өтөт.
Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (ИРСК) аймактагы кемелерге эскертүү берип, АКШ менен Израилдин аскердик аракеттерине жана Тегерандын жооп чараларына байланыштуу кысыктан өтүү учурда кооптуу экенин билдирди. Бул тууралуу Tasnim агенттиги маалымдады.
Ирандын Кызыл Жарым Ай коомунун маалыматына ылайык, өлкөнүн 24 провинциясына жасалган соккулардан 200дөн ашуун адам каза болуп, болжол менен 750 адам жаракат алган.
Ирандын аймактагы америкалык аскер базаларына жана Израилге жасаган жооп соккулары Перс булуңундагы коңшу мамлекеттерде тынчсыздануу жаратты. Ракеталар Доха жана Дубай сыяктуу шаарларга түшкөнү кабарланды. Бириккен Араб Эмираттарынын Коргоо министрлиги бир нече ракета ийгиликтүү атып түшүрүлгөнүн билдирген. Бирок айрымдары бутага жетип, өрт чыгып, эл арасында дүрбөлөң жараткан. Сыныктар түшкөндөн улам бир жай тургун каза болгону маалымдалды.