Акиташ-ракушечникти ЕАЭБден тышкары экспорттоого убактылуу тыюу салынды
Кыргызстандын аймагында өндүрүлгөн же казып алынган иштетилбеген же одоно майдаланган, таарып кесилген же башка ыкма менен тик бурчтуу же чарчы формадагы блокторго жана такталарга бөлүнгөн акиташ-ракушечникти өлкөдөн Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Чектөө ЕАЭБ ТЭИ ТН 2515 11 000 0 жана 2515 12 000 0 коддору менен классификациялануучу товарларга карата колдонулат.
Мындан тышкары, тиешелүү мамлекеттик органдарга аталган товарларды мыйзамсыз алып чыгуунун алдын алуу боюнча зарыл чараларды көрүү тапшырылды.