Эл аралык эки банк Кыргызстандагы стартаптарды өнүктүрүүгө каражат бөлөт

Эл аралык эки банк Кыргызстандагы стартаптарды өнүктүрүүгө каражат бөлөт

Депутат Болот Сагынаев 2026-жылдын 2-мартында Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүктүрүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында жаш стартапчыларга каржылык жардам көрсөтүүнү сунуштады.

Финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов белгилегендей, колдоо боюнча конкреттүү пландар бар: Дүйнөлүк банк жана Азия инвестициялык банкы Кыргызстандагы чакан жана орто бизнести, анын ичинде стартаптарды өнүктүрүүгө 170 млн доллар бөлүүнү пландашууда.

Ушул учурда Жогорку Кеңеште "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына венчурдук каржылоо маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору (биринчи окуу) каралууда.

Венчурдук фонд — АКШнын Баалуу кагаздар жана биржалар комиссиясынын глоссарийине ылайык, венчурдук фирма башкарган жеке фонддун түрү. Бул фонддор адатта бизнеске капиталдык үлүш алуу максатында инвестиция салат жана көп учурда белгилүү тармактарга же компаниянын өнүгүү баскычтарына (баштапкы, жетилген, кеч) адистешет. Венчурдук инвестициялар узак мөөнөттүү (адатта 10 жылдык) жана ликвиддүүлүк окуясына чейин “бекитилген” болот.

Мындан тышкары окуңуз

ТИМ Перс булуңунда 22 миңге жакын кыргызстандык бар экенин билдирди

ТИМ Перс булуңунда 22 миңге жакын кыргызстандык бар экенин билдирди

Перс булуңунда 22 миңге жакын кыргызстандык бар экендигин 3-мартта Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу брифинг учурунда ТИМ билдирди. Анын ичинен 10 миңге жакын кыргызстандык Бириккен Араб Эмирлигинде жүрөт. Катарда 800дөй, Сауд Арабиясында 5 миңден ашуун жана Израилде 100гө жакын кыргыз жараны бар. Мындан тышкары Кувейт, Бахрейн жана Иорданияда жүргөндөр миңге чукул.

Бишкекте жоогазын фестивалы башталды

Бишкекте жоогазын фестивалы башталды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги "ТюлпанЛенд" компаниясы менен биргеликте жоогазын фестивалын баштады. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Фестиваль 2-марттан 10-мартка чейин уланат. Иш-чаранын алкагында жоогазын гүлдөрү дүң жана чекене баада сатыкка коюлууда. Баалар 75 сомдон башталат. Каалоочулар гүлдөрдү дүң жана чекене түрдө сатып алуу

Кара-Балтадагы мунай иштетүүчү заводу модернизацияланат

Кара-Балтадагы мунай иштетүүчү заводу модернизацияланат

Инвесторлор менен иш жүргүзүү алкагында Инвестиция боюнча улуттук агенттигинин кызматкерлери, Экономика министрлигинин өкүлдөрү жана Кара-Балта мэриясы "Чайна Петроль Компани "Джунда" ЖЧКсынын мунай кайра иштетүүчү заводуна барып, модернизациянын жүрүшү менен таанышты. Иш сапар компания жана инвестор — Кытайдын Шэньсий көмүр-курулуш корпорациясы тарабынан расмий чакыруунун негизинде уюштурулган. Алар долбоордун капиталдык

Былтыр жаратылышты коргоо багытында 3,6 млн сом айып пул өндүрүлгөн

Былтыр жаратылышты коргоо багытында 3,6 млн сом айып пул өндүрүлгөн

2025-жылы өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо багытында жалпысынан 42 текшерүү жана 561 рейддик иш-чара жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында 567 укук бузуу фактысы аныкталып, 3 907 500 сом айып салынды. Учурда анын 3 594 500 сому өндүрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Ысык-Көл жана Соң-Көлдө рейддик иш-чаралар