Кара-Балтадагы мунай иштетүүчү заводу модернизацияланат

Кара-Балтадагы мунай иштетүүчү заводу модернизацияланат

Инвесторлор менен иш жүргүзүү алкагында Инвестиция боюнча улуттук агенттигинин кызматкерлери, Экономика министрлигинин өкүлдөрү жана Кара-Балта мэриясы "Чайна Петроль Компани "Джунда" ЖЧКсынын мунай кайра иштетүүчү заводуна барып, модернизациянын жүрүшү менен таанышты.

Иш сапар компания жана инвестор — Кытайдын Шэньсий көмүр-курулуш корпорациясы тарабынан расмий чакыруунун негизинде уюштурулган. Алар долбоордун капиталдык ремонт жана модернизация иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Жылына 800 миң тонна кубаттуулуктагы мунайду кайра иштетүүчү заводдун модернизациясы Кыргызстандагы эң ири инвестициялык долбоорлордун бири болуп саналат. Долбоор аталган агенттик менен "Орто Азиялык энергетикалык компания" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык макулдашуу алкагында ишке ашырылууда. Кошумча макулдашууга ылайык, инвестициялар көлөмү 193,75 млн долларга чейин көбөйтүлүп, долбоор 31-июлга чейин бүткөрүлүшү пландалууда.

Сапар учурунда катышуучулар курулуш-монтаж иштеринин учурдагы баскычын жана өндүрүштүк объекттердин даярдык деңгээлин көрүштү.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан жыл сайын 15 миңге чейин электромобиль алып кирүүнү көздөйт

Кыргызстан жыл сайын 15 миңге чейин электромобиль алып кирүүнү көздөйт

Кыргызстан жыл сайын 15 миңге чейин электромобилди бажы төлөмүсүз импорттоону пландап жатат. Бишкек шаарында "Улуттук электромобилдүүлүк стратегиясына карай" аттуу семинар өтүп, анда электромобилдер рыногун өнүктүрүү жана кубаттоо инфраструктурасын кеңейтүү маселелери талкууланганын Климаттык каржылоо борбору билдирди. Учурда: * Өлкө боюнча 230дөн ашык кубаттоо станциясы иштеп жатат. * Алардын ичинен 60ка жакыны

Венчурдук каржылоо боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты

Венчурдук каржылоо боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты

Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети 2-марттагы жыйынында "Венчурдук каржылоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Мыйзам долбоорунун демилгечиси

ТИМ Перс булуңунда 22 миңге жакын кыргызстандык бар экенин билдирди

ТИМ Перс булуңунда 22 миңге жакын кыргызстандык бар экенин билдирди

Перс булуңунда 22 миңге жакын кыргызстандык бар экендигин 3-мартта Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу брифинг учурунда ТИМ билдирди. Анын ичинен 10 миңге жакын кыргызстандык Бириккен Араб Эмирлигинде жүрөт. Катарда 800дөй, Сауд Арабиясында 5 миңден ашуун жана Израилде 100гө жакын кыргыз жараны бар. Мындан тышкары Кувейт, Бахрейн жана Иорданияда жүргөндөр миңге чукул.

Бишкекте жоогазын фестивалы башталды

Бишкекте жоогазын фестивалы башталды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги "ТюлпанЛенд" компаниясы менен биргеликте жоогазын фестивалын баштады. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Фестиваль 2-марттан 10-мартка чейин уланат. Иш-чаранын алкагында жоогазын гүлдөрү дүң жана чекене баада сатыкка коюлууда. Баалар 75 сомдон башталат. Каалоочулар гүлдөрдү дүң жана чекене түрдө сатып алуу