Кытай Англия киргизген жаңы санкцияларга катуу нааразылык билдирди

Кытай Англия киргизген жаңы санкцияларга катуу нааразылык билдирди

Кытай Англия киргизген жаңы санкциялар боюнча катуу нааразылык билдиргенин өлкөнүн Соода министрлигинин расмий өкүлү маалымдады.

Анын айтымында, Англия Кытай ишканаларына каршы "Россия менен байланыш" деген жүйө менен киргизген чаралар — эл аралык укуктук негизге ээ эмес жана БУУ тарабынан мандат албаган бир тараптуу санкциялар болуп саналат.

Украинадагы кырдаалга токтолуп, өкүл Кытай кош багыттагы (жарандык жана аскердик колдонулушу мүмкүн болгон) товарлардын экспортуна мыйзамдарга ылайык катуу көзөмөл жүргүзөрүн белгиледи. Ошондой эле кытай жана россиялык ишканалардын ортосундагы кадимки соода-экономикалык кызматташтык бузулбашы керектигин айтты.

Расмий өкүл Англияны "ката аракеттерин" токтоосуз оңдоп, тиешелүү кытай уюмдарына каршы санкцияларды жокко чыгарууга чакырды. Ал эми Кытай өз ишканаларынын мыйзамдуу укук-мүдөөсүн коргоо үчүн зарыл чараларды көрөрүн кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте бийик имараттарды курууда жаңы технологиялар колдонулууда

Бишкекте бийик имараттарды курууда жаңы технологиялар колдонулууда

Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Канат Канболотов адистер менен бирге Бишкектеги көп кабаттуу курулуш объектилеринде колдонулуп жаткан технологиялар менен таанышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Алар курулуштун жүрүшүн, инженердик чечимдерди жана техникалык коопсуздук чараларын карашты. Бийик имараттарда вертикалдык көтөрүүчү элементтер үчүн болот-темирбетон (курамдуу) конструкцияларын колдонуу

Электр энергиясынын жоготуулары 5-10%га төмөндөдү

Электр энергиясынын жоготуулары 5-10%га төмөндөдү

Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев Кыргызстандын Борбор Азиянын энергошакекчесине катышуусу тууралуу маселени көтөрдү. Ал буга чейин өлкөнүн энергошакекчеден чыгуу мүмкүнчүлүгү талкууланганын эске салды. Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов маалымдагандай, энергошакекче ишин улантууда жана учурда андан чыгуу маселеси карала элек. "

МИК 5 айлык баласы менен  курьер болгон келинге батир тапшырды

МИК 5 айлык баласы менен курьер болгон келинге батир тапшырды

Бишкекте беш айлык баласы менен курьер болуп иштеген, “Азаттыктын” каарманы Байыркан Куттубек кызына Мамлекеттик ипотекалык компания батир берилгенин 1-мартта мекемеден билдиришкен. Беш айлык кызын бешик арабага сүйрөп курьер болуп иштеп жүргөн 30 жаштагы келин тууралуу “Азаттык” 26-февралда видео даярдаган. Ал күйөөсүнүн зомбулугуна кабылып, коргоо ордерин алып кризистик борбордо баш калкалап

"Кумтөр" 702 млн сомго ири энергетикалык объекттерди курат

"Кумтөр" 702 млн сомго ири энергетикалык объекттерди курат

"Кумтор Оперейтинг Компани" ЖАКы Жети-Өгүз районунда ири энергетикалык объекттерди куруу боюнча тендер жарыялады. Долбоордун жалпы баасы 702,8 млн сомго жакын деп бааланууда. Тендердик документтерге ылайык, төмөнкү объекттер курулат: * Сары-Бел жайлоосунда 110/35/6 кВ көмөкчордону; * 110/10 кВ "Ак-Шыйрак" көмөкчордонунан Сары-Белге чейин 110 кВ аба