Зыяратчылардан имамдардын маянасы үчүн 9% комиссия алынышы мүмкүн
Зыяратчылардан комиссия алына турганын Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирип, ал боюнча түшүндүрмө берди.
Маалыматка ылайык, 2024-жылдын декабрында өткөн Элдик курултай жыйынында катышуучулар президентке имамдардын айлыгын жогорулатуу маселесин кароону сунушташкан. Бирок Кыргызсстан Конституцияга ылайык светтик мамлекет болгондуктан, бул маселе КМДБга багытталган. Мамлекеттик бюджетте диний тармактагы маселелерди каржылоого каражат каралган эмес.
Муфтият алгач тышкы каржылоо булактарын издегенин, бирок акырында ички мүмкүнчүлүктөрдү табуу чечимине келгенин билдирди. Алардын айтымында, аймактарда, айрыкча Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары, көпчүлүк имамдар улгайган адамдар. Алар өмүр бою элге кызмат кылып, айлык алышкан эмес. Жакынкы 10–15 жылда бул имамдар кызматын уланта албай калуу коркунучу бар.
КМДБ аймактагы мечиттерге билимдүү жана энергиялуу жаш имамдар керек экенин белгилейт. Бирок айлык аз болгондуктан, жаш кадрлар аймактарга барууга кызыкдар эмес. Акыркы эки айдан бери кадрдык резервге ачык сынак жарыяланганы менен, аз гана талапкер документ тапшырган. Ошол эле учурда жыл сайын медреселерди миңдеген бүтүрүүчүлөр аяктайт.
Муфтият ишенимдүү жамаатты жаш имамдар үчүн шарт түзүүгө чакырат. Коомчулук менен кеңешүүдөн кийин ыйык жерлерге зыярат кылгандардан комиссия алуу чечими кабыл алынган.
"Умра диний ибадат болгондуктан, анын наркынын 9% өлчөмүндө комиссия алуу чечими кабыл алынды. Бул сунуш шариятка шайкеш келерин тактоо үчүн Аалымдар кеңешине жөнөтүлдү", — деп билдиришти КМДБдан.