Былтыр Кыргызстандын БАЭге товар экспорту 6%га өскөн

Былтыр Кыргызстандын БАЭге товар экспорту 6%га өскөн

Улуттук статистикалык комитеттин алдын ала маалыматына ылайык, 2025-жылы Кыргызстан менен Бириккен Араб эмираттары(БАЭ) ортосундагы товар жүгүртүү болжол менен 2%га кыскарган.

Эгер 2024-жылы ал 179,5 млн доллардан ашык болсо, 2025-жылы болжол менен 176 млн долларды түзгөн.

2025-жылы кыргыз экспорту БАЭге 6%га өскөн: 2024-жылы 116 млн доллар болсо, 2025-жылы 123,9 млн долларга жеткен. Импортто болсо тескерисинче төмөндөө байкалган: 2025-жылы 52 млн доллар, ал эми 2024-жылы 62 млн доллар болгон.

Негизинен, Кыргызсстан БАЭден жабдуу, унаа, химия өнөр жай продукциясы, текстиль жана күйүүчү майларды сатып алса, БАЭге техника, күйүүчү-майлоочу материалдар жана азык-түлүктөрдү экспорттойт.

Мындан тышкары окуңуз

Чет өлкөлүк номерлуу 700гө жакын унаа айып токтотмолорунда турат

Чет өлкөлүк номерлуу 700гө жакын унаа айып токтотмолорунда турат

Парламенттин укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урманбетов  учурда чет өлкөлүк мамлекеттик номерлери бар 700гө жакын автоунаа айып токтотмолорунда турганын билдирди. Анын айтымында, белгиленген мөөнөттө унааларын легалдаштырып үлгүрбөй калган жарандардан кайрылуулар дагы эле түшүүдө. Бул маселе боюнча атайын

Кореялык компания 300 кубаттоочу электр станцияларын орнотот

Кореялык компания 300 кубаттоочу электр станцияларын орнотот

3-мартта энергетика министри Таалайбек Ибраев Blue Networks Co., Ltd.нын башкы директору Но Сун Ён менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда Кыргызстанда электр заряддоо станцияларын куруу жана заманбап энергетикалык технологияларды киргизүү тармагындагы кызматташтыктын азыркы абалы жана келечеги талкууланды. Негизги макулдашуулар: * 2026-жылдын июлуна чейин өлкө аймагында 300 электр кубаттоо станциясы даярдалат.

Каракол шаарында 120 мегаваттык ЖЭБ курулат

Каракол шаарында 120 мегаваттык ЖЭБ курулат

Каракол шаарында 120 МВттык жылуулук электр борбору куруларын Энергетика министрлигинен билдиришти. Кечээ энергетика министри Таалайбек Ибраев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында курула турган жылуулук электр борборунун долбоору менен жеринен таанышты. "Долбоордун алкагында кубаттуулугу 120 МВт болгон жаңы объектти 110/35/10 кВ "Пржевальск" көмөк чордону аркылуу

“Central Asia Capital” фонду Кыргызстанга индустриалдык парк, унаа куруучу завод курууну сунуштады

“Central Asia Capital” фонду Кыргызстанга индустриалдык парк, унаа куруучу завод курууну сунуштады

МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев “Central Asia Capital” инвестициялык фондунун өкүлдөрү менен жолугушуп анда төрагага бир катар инвестициялык долбоорлор тууралуу презентация сунушталды. Инвестициялык фонддун өкүлдөрү Токмок шаарында жылына 25 миңге чейин унаа куроочу заводду жана индустриалдык паркты куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти. Мындан тышкары, Бишкекке