Чет өлкөлүк номерлуу 700гө жакын унаа айып токтотмолорунда турат

Чет өлкөлүк номерлуу 700гө жакын унаа айып токтотмолорунда турат

Парламенттин укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урманбетов  учурда чет өлкөлүк мамлекеттик номерлери бар 700гө жакын автоунаа айып токтотмолорунда турганын билдирди.

Анын айтымында, белгиленген мөөнөттө унааларын легалдаштырып үлгүрбөй калган жарандардан кайрылуулар дагы эле түшүүдө. Бул маселе боюнча атайын комиссия иш алып барып жатат.

Буга чейин чет өлкөлүк номерлүү автоунааларды легалдаштыруу өнөктүгү президенттин жарлыгы менен 2025-жылдын 1-апрелинен 1-октябрына чейин жүргүзүлгөн. Алты ай ичинде жарандар 18 миңден ашуун унааны каттоодон өткөрүшкөн.

Эрежеге ылайык, белгиленген мөөнөттө каттоодон өтпөгөн транспорт каражаттары айып токтотмого киргизилет. Кийинчерээк аларды утилизациялоо маселеси да каралышы мүмкүн.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан менен Пакистан товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү боюнча талкуулашты

Бишкектеги бир катар үйлөрдө жылуулук жана ысык суу өчүрүлдү

Өлкөдө асыл тукум статусуна ээ болгон чарбаларга мониторинг жүргүзүлөт

2027-жылы республикалык бюджеттин көлөмү 1 трлн сомдон ашат

Аңчылыктын аякташына 1 айга жетпеген убакыт калды