Баткенде жасалма мөңгүлөрдө 1,5 млн куб суу топтолду
Баткен облусунда айыл чарбасын суу менен камсыздоо маселесин чечүүгө багытталган жасалма мөңгүлөрдү түзүү долбоору ишке ашырылып жатканын президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аппараттын эл аралык кызматташтык, инвестиция жана туризм секторунун башчысы Азизбек Адылбековдун жетекчилиги алдында эл аралык уюмдардын жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн делегациясы менен жолугушту. Сүйлөшүүлөргө Россия башкы консулдугунун Оштогу башкы консулу Роман Свистин, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлү Олег Гучгельдиев жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун өкүлү Дмитрий Прудских катышты.


Тараптар аймакта климатка туруктуу ыкмаларды кеңейтүү, суу ресурстарын натыйжалуу башкаруу жана ирригациялык инфраструктураны модернизациялоо маселелерин талкуулашты. Ошондой эле жасалма мөңгүлөр долбоорунун алкагында кызматташууну чыңдоо жана жаңы биргелешкен демилгелерди өнүктүрүү тууралуу сөз болду.
Жолугушуудан кийин делегация Лейлек районунун Көк-Таш айылындагы Айна-Таш капчыгайында жайгашкан жасалма мөңгүнү көрүп чыкты.
Жасалма мөңгүлөр — бул кыш мезгилинде сууну топтоп, жаз жана жай айларында талааларды сугаруу үчүн пайдаланууга мүмкүнчүлүк берген заманбап ыкма. Бул технология суу тартыштыгы бар аймактар үчүн өзгөчө маанилүү.
Баткен облусунда жалпысынан жети жасалма мөңгү курулган: Баткен районунун Газ, Согмент, Булак-Башы жана Кайыңды айылдарында, ошондой эле Лейлек районунун Айбийке, Көк-Таш жана Сумбула айылдарында.
Кышкы сезон жыйынтыгы менен аларда 1,5 миллион куб метрден ашык суу топтолгон.
Долбоор эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен ишке ашырылып, аймактын туруктуу өнүгүшүнө жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга багытталган.