Д.Трамп АКШ Испания менен соода алакасын толугу менен токтотушу мүмкүн экенин билдирди
Дональд Трамп Мадрид Иранга сокку уруу үчүн өз базаларын колдонууга уруксат бербегени жана аскердик чыгымдарды ИДПнын 5%ына чейин көтөрүүгө макул болбогону үчүн Вашингтондун Испания менен соода мамилелерин толугу менен токтотуу ниети бар экенин билдирди.
Трамп ошондой эле АКШ кааласа Испаниянын базаларын Мадриддин макулдугусуз эле колдоно аларын Ак үйдөгү Германиянын канцлери Фридрих Мерц менен жолугушуусунда билдирди.
Мерц Берлин менен Вашингтон "Ирандагы бул коркунучтуу режимди кулатуу маселесинде бирдей көз карашта" экенин билдирди.
“Испанияны коргонуу чыгымдарынын 5%дык максаттуу көрсөткүчүн сактоого көндүрүүгө аракет кылып жатабыз. Биз ирандык режим кулагандан кийинки стратегияны карап чыгышыбыз керек. Бул Европа жана Израил үчүн өзгөчө маанилүү”, - деп белгиледи канцлер.
Испания бийлиги Трамптын билдирүүлөрүнө жооп катары Вашингтонду эл аралык укукту жана Евробиримдик менен түзүлгөн соода келишимдерин сактоого чакырды. Ошондой эле мүмкүн болгон экономикалык кесепеттерге даяр экендигин баса белгиледи.
Мадрид АКШ тараптан соода эмбаргосу киргизилсе анын кесепеттерин жумшартуу үчүн зарыл ресурстарга ээ экенин тактаган.