Кыргызстанда калктын кирешесинин 47%ы калктын эң бай 20%ынын колунда
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда мүлктүк теңсиздик жогору бойдон калууда. Улуттук статистикалык комитеттин бюллетенине ылайык, калктын жалпы акчалай кирешесинин 47%ы эң камсыз болгон 20% жарандардын колунда топтолгон.
Экономикада бул көрсөткүч квинтилдик коэффициент деп аталат. Ал коомдогу социалдык теңсиздиктин деңгээлин көрсөтөт. Калктын бештен бири дээрлик бардык каражаттын жарымына ээ болушу капиталдын жогорку концентрациясын билдирет.
Экономист Искендер Шаршеев ЖМКга берген комментарийинде бул жыйынтык аймакка мүнөздүү ички бөлүштүрүү механизмдерин толук эске албай турганын айтты. Анын сөзүнө караганда, республикада туугандык байланыштар маанилүү роль ойнойт.
"Бизде тойлор жана туугандык мамилелер аркылуу иштеген механизм бар. Көбүрөөк киреше тапкан туугандар үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнө жардам беришет. Мигранттардын акча которуулары да ушундай иштейт. Бул бейрасмий байланыштар мамлекеттин социалдык бөлүштүрүү механизмдерин жарым-жартылай алмаштырып турат", — деди ал.
Экономист капиталдын топтолушу дүйнөлүк көрүнүш экенин белгилеп, активдер адатта аларды башкара билген адамдардын колуна өтөрүн айтты. Ошол эле учурда ал салыктар аркылуу кирешелерди теңдөө аракеттерине күмөн санайт.
Анын айтымында, батыш өлкөлөрүндө пропорционалдуу салык системасы бар болгону менен, бай адамдар кредиттик механизмдер аркылуу салык жүгүн азайта алышат. "Эгер бизде да ушундай система киргизилсе, андан качуу схемалары иштей баштайт. Ошондуктан “люкс салыгын” киргизүүнүн мааниси жок", — дейт эксперт.
Улуттук статистикалык комитет өткөн жылдын январь–сентябрь айларында калктын номиналдык кирешеси 736 млрд сомду түзгөнүн жана ал өткөн жылга салыштырмалуу 7,4%га өскөнүн билдирген.
Кирешенин негизги булагы — эмгек ишмердүүлүгү, ал жалпы түзүмдүн дээрлик 80%ын түзөт. Социалдык төлөмдөр (пенсиялар жана жөлөкпулдар) — 12,6%, ал эми калктын 5,1%ы огород жана көмөкчү чарбалардан түшкөн кирешеден алынат.