Министр Эрлист Акунбеков ветеринардык коопсуздук боюнча маалымат алды
МинКаб төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков кечээ Арстанбек Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илим-изилдөө институтуна барды.
Ведомстводон маалымдашкандай, министр институттун материалдык-техникалык базасы, заманбап лабораториялары жана илимий изилдөөлөрдүн негизги багыттары менен таанышты. Ошондой эле ветеринардык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат алды. Иш-чаранын алкагында адистер менен тармактагы актуалдуу маселелер, аларды чечүү жолдору жана илим тармагындагы көйгөйлөр талкууланды.


Эрлист Акунбеков өз сөзүндө ветеринария тармагын өнүктүрүү, илимий изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатуу жана инновациялык ыкмаларды өндүрүшкө киргизүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.