Оштун Өзбекстан менен чектешкен аймагында ЭЭЗ ачуу сунушталды

Оштун Өзбекстан менен чектешкен аймагында ЭЭЗ ачуу сунушталды

Ош облусунун тургундары Өзбекстан менен чек ара тилкесинде эркин экономикалык аймак (ЭЭЗ) ачып берүүнү суранып жатышканын Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков билдирди.

Анын айтымында, Жалал-Абад жана Баткен облустарында ушундай аймактарды түзүүнүн оң тажрыйбасы чек ара аймактарынын өнүгүүсүндө жакшы динамиканы көрсөттү.

Депутаттын пикиринде, Ош облусунда ЭЭЗ ачуу аймактын экономикасына олуттуу оң таасирин тийгизип, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө өбөлгө болот.

Өзбекстан менен чек арадагы мындай экономикалык аймак соода-экономикалык кызматташтыкты да кеңейтүүгө шарт түзмөк.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда аңчылык кылуу  билетинин баасы 15 миң сом болот

Кыргызстанда аңчылык кылуу билетинин баасы 15 миң сом болот

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директорунун орун басары Азат Сагынов "Биринчи радио" эфиринде билдиргендей, 2025-жылы Кыргызстанда мыйзамсыз аңчылык боюнча 75 факт катталганын билдирди. Анын айтымында, аныкталган мыйзам бузуу фактылары боюнча 121 протокол түзүлүп, суммасы 1,5 млн сомдон ашык айып пул салынган. Мыйзамсыз аңчылык республиканын бардык аймактарында жайылган:

Оман аркылуу 5-мартта БАЭдеги 360 кыргызстандык мекенине келет

Оман аркылуу 5-мартта БАЭдеги 360 кыргызстандык мекенине келет

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 4-марттан 5-мартка караган түнү Бириккен Араб Эмираттарында жүргөн кыргыз жарандарын мекенине кайтаруу үчүн Оман аркылуу атайын эки каттам уюштуруларын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, айрым техникалык кыйынчылыктарга жана аймактагы татаал кырдаалга карабастан, министрлик жана дипломатиялык өкүлчүлүктөр коопсуз аба коридорун макулдашууга жетишти.

Бишкекте унаа токтотуучу жайлар эми саатына жараша эсептелеби?

Бишкекте унаа токтотуучу жайлар эми саатына жараша эсептелеби?

Бишкек шаардык мэриясы "Шаардагы муниципалдык паркингдердин жана токтотуучу жайлардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу маселелери жөнүндө" токтом долбоорун иштеп чыкты. Бул документ шаардык кеңештин депутаттарынын кароосуна чыгарылган. Долбоордун негизги пункттары: * Муниципалдык паркингдер жана токтотуучу жайлар боюнча Жобону бекитүү пландалууда; * Паркинг үчүн расмий тарифтерди орнотуу; * Убакытты автоматтык эсептөөчү система менен жабдылган

Депутат "Бакай-Ата" конушундагы жер тилкелерин каттоону ылдамдатууну суранды

Депутат "Бакай-Ата" конушундагы жер тилкелерин каттоону ылдамдатууну суранды

Депутат Уланбек Жаанбаев "Бакай-Ата" турак жай массивиндеги жер тилкелерин каттоону ылдамдатууну Жогорку Кеңештин жыйынында суранды. Анын айтымында, "Бакай-Ата" жаңы конушу 1989-жылы түзүлгөн жана баш калаадагы алгачкы турак жай массивдеринин бири болуп эсептелет. "Аймакта негизги инфраструктуралар — газ жана канализация бар, бирок 96 үй-бүлөнүн дагы эле өз