Салык органдарынын туура эмес аракеттери боюнча кантип, кайда арызданса болот?
Салык кызматы жарандардын арыз-даттанууларын расмий кароо үчүн аларды мыйзам талаптарына ылайык жөнөтүү зарыл экенин эскертет.
Кайрылуулар төмөнкү тартипте берилиши мүмкүн:
- жазуу жүзүндө (арыз, даттануу, кайрылуу);
- электрондук түрдө (расмий сайт же электрондук почта аркылуу);
- оозеки түрдө — жеке кабыл алууда.
Мамлекеттик орган кайрылууну каттоого алып, маңызы боюнча карап чыгып, мыйзамда белгиленген мөөнөттө (адатта 14 күндөн 30 күнгө чейин) жооп берүүгө милдеттүү.
Кайрылууда төмөнкү маалыматтар көрсөтүлүшү керек:
- мамлекеттик органдын же анын аймактык бөлүмүнүн аталышы;
- кайрылуучунун фамилиясы, аты-жөнү;
- байланыш телефону;
- жашаган дареги.
Жарандардын кайрылуусу боюнча салыктык чараларды көрүү үчүн мүмкүн болгон мыйзам бузуулар тууралуу документтер менен тастыкталган маалыматтар берилиши зарыл, анын ичинде:
- салык төлөөчүнүн фамилиясы, аты-жөнү;
- идентификациялык салык номери (ИНН);
- экономикалык иш жүргүзгөн дареги;
- салык мыйзамдарын бузган конкреттүү фактылар.
Салык кызматы белгилегендей, жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтар камтылбаган же анонимдүү кайрылуулар каралбай калышы мүмкүн. Даттануу негиздүү болушу шарт. Зарыл учурда ага көрсөтүлгөн фактыларды тастыктаган документтер жана башка материалдар тиркелет.