Эсептөө палатасы үрөнчүлүк чарбаларды дотациялоодогу системалык кемчиликтерди аныктады

Эсептөө палатасы үрөнчүлүк чарбаларды дотациялоодогу системалык кемчиликтерди аныктады

Эсептөө палатасы тарабынан 2020-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 30-сентябрына чейинки мезгил аралыгында үрөнчүлүк чарбаларды мамлекеттик колдоо максатында бөлүнгөн дотациялардын натыйжалуулугуна аудит жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасын жана үрөнчүлүк чарбаларды колдоо боюнча МинКабдын иш-чаралар планын ишке ашырууда бир катар системалык кемчиликтер белгиленди.

Аудит көрсөткөндөй, үрөнчүлүк чарбаларына дотациялык каражаттарды бөлүү аркылуу айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн жогорку түшүмдүү жана сапаттуу сорттук үрөндөр менен камсыз кылууга багытталган чаралар толук кандуу жыйынтык берген эмес.

Иш жүзүндө жогоруда көрсөтүлгөн мезгилде 166,7 млн сом өздөштүрүлгөн, бул каралган каражаттардын жалпы көлөмүнүн болгону 30,7%ын түзөт.

Мындан тышкары, айрым учурларда бюджеттик мыйзамдардын талаптары сакталбай, дотациялык каражаттар сметада алдын ала бекитилбестен жана тиешелүү ченемдик бекитүүсүз каржыланганы аныкталды.

Жалпысынан 2020-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 30-сентябрына чейинки мезгилде үрөнчүлүк тармагына мамлекеттик дотация катары 197,5 млн сом каралган.

2020–2025-жылдары дотация программасына 26 126,6 тонна үрөн киргизилген, анын ичинен 16 628,2 тоннасы же 63,6%ы гана сатылган. Бул жагдай суроо-талапты пландоонун жетишсиздигин, логистиканын алсыздыгын жана фермерлер арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштеринин жетишсиздигин көрсөтүп турат.

Жалпысынан үрөн чарбалары айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн үрөн менен болгону 13,5%га камсыз кылган, ал эми мамлекеттик дотациянын алкагында таратылган үрөндөрдүн үлүшү 3%ды гана түзгөн.

2020–2025-жылдары дотация программасына жазгы себүү үчүн орточо 31 чарба, ал эми күздүк себүү үчүн 25 чарба гана катышкан.

Мындан тышкары, аймактык комиссиялардын ишинде да кемчиликтер аныкталган. Алар үрөн чарбаларынын ишине карата мониторингди талаптагыдай жүргүзүшкөн эмес жана ыйгарым укуктуу органдарга өз убагында корутундулар менен сунуштарды беришкен эмес.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media