Ишенимдүү жумушка орношуу: чет өлкөдөн иш издеген кыргызстандыктар эмнелерди билиши керек
Кыргызстандыктар Европада ишке расмий орноштурган программаларга көбүрөөк кызыга баштаган чакта шылуундар да жөн жатышкан жок. Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) эксперттери социалдык тармактарга чыккан жана мессенжерлерден келген шектүү билдирүүлөргө ишенбөөгө, жеке маалыматтарды белгисиз адамдарга бербөөгө үндөп, расмий сайттар жана лицензиясы бар операторлор аркылуу гана ишке орношуу керектигин эске салышат.
Жакшы жашоо тууралуу кыялдар сөзсүз орундалат
КР Социалдык камсыздоо жана эмгек министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуу борборунун (ЖЧИБ) маалыматы боюнча, 2024-жылы Улуу Британияда сезондук жумушка 26 миңден ашуун кыргызстандык өтүнмө берген. Жакындарынан узак мөөнөткө алыс кетүүгө макул болгон эмгек мигранттары үй-бүлөсүнүн материалдык абалын жакшыртып, өз жолун табуу максатында чоң сапарга аттанышууда.
Миграцияда жүрүп, көптөр өздөрүнүн кадыресе жашоо калыбын баамдап чыгышат. Басымдуу бөлүгү жөнөкөй бир чындыкты түшүнүшөт: маңдай тери менен тапкан акчаны үнөмдөп, көбөйтүүнүн эң жакшы жолдорунун бири – топтогон акчаны Кыргызстанда үй-бүлөлүк бизнес ачууга жумшап, сабырдуулук менен ишиңди кеңейтип, өзүң жана келечек муун үчүн бекем пайдубал тургузуш керек.
Ийгиликтүү окуялар көп. Алсак, Селекционное айылындагы агро-ишкер Кубаныч Тагаев тоок жана балык үчүн протеиндүү тоюттарды өндүрүүнү жолго коюп, келечеги кең чарбаны жүргүзүүдө. Бааргүл Пазылова Баткенде кытыраган круассандарды жасап жатат. Ал эми Чек айылынын тургуну Замирбек Токторов балмуздак, попкорн жана грилде бышкан тоок этин саткан “Мираж” кафесин ачкан.
Ушул жана башка ийгиликтүү мисалдар жакшы жашоо жөнүндө кыялдарды Мекенде да орундатса болорун тастыктап турат. Эң негизгиси – жолго чыгардын алдында этият жана сак болуп, лицензиясы бар операторлор аркылуу гана расмий жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүн караштырыңыз.
Улуу Британияда Сезондук жумушчулардын программасы кантип иштейт
Ушундай жумушка орноштурууну Улуу Британиянын Өкмөтүнүн Визалык программасы сунуштайт. Бул Программа айыл чарба тармагындагы иш берүүчүлөргө жашы жеткен чет өлкөлүк жарандарды сезондук жумуштарга, мисалы, ачык талааларда, бакчаларда жана күнөсканаларда мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды жыйноо учурунда жалдоого мүмкүндүк берет.
Жумуш издегендер үчүн онлайн каттоо HOPS жана PRO FORCE операторлору квота ачкандан кийин гана Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуу борборунун расмий сайты аркылуу гана жүргүзүлөт. Ал эми бүгүнкү күндө кыргызстандыктарды Улуу Британияда жумушка орноштурууга Улуу Британиянын өкмөтүнөн жана Кыргызстандын өкмөтүнөн лицензия алган жалгыз жеке ишке орноштуруу агенттиги – бул GRI-HR ЖЧКсы.
Жумушка орношуунун өзү акысыз. Расмий эмгек келишимин алгандан кийин жумушчу Улуу Британияга визаны тариздөөнү, барып келгенге учак билетин, ошондой эле жашаган жерине, тамак-ашына жана тиричиликке керектүү буюмдарга кеткен чыгымдарды гана төлөйт.
Сезондук жумушчунун визасы алты айга чейин фермаларда жашап, иштөөгө мүмкүндүк берет. Жумушчу визанын мөөнөтү бүткөнгө чейин Улуу Британиядан чыгып кетүүгө тийиш. Кыргызстанга кайтып келгенден кийин төрт ай өткөн соң гана Программага кайрадан катышууга болот. Мындан улам жаңы виза боюнча иш башталчу күн Британиядан чыгып кеткенден кийин төрт айдан эрте болбошу керек. Жумушка орноштуруунун бул форматы чет өлкөдө мыйзамдуу жана коопсуз иштөөгө, төлөнгөн салыктын бир бөлүгүн кайтарып алууга жана акча чогултуп, мекенинде өз ишин ачууга мүмкүндүк берет.
Сак болуңуз, шылуундар жүрөт!
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуу борбору белгиленгендей, жарандар ишке орноштуруу программасына көбүрөөк кызыккан сайын социалдык тармактарда айыл чарба кызматкерлерин жалдоо тууралуу жалган жарнактар көп чыга баштады. Шылуундар ишенчээк, маалыматы аз жарандарды жүздөгөн долларга алдап, атайын схемаларды ойлоп таап, ишке ашырышууда.
Асель Рыскулова (аты өзгөртүлдү – ред.) эки баланы жалгыз багып жүрөт. Өткөн жылы Асель чет өлкөдөн жумуш издеп көрүүнү чечти, себеби үй-бүлөсүн багыш керек болчу. Жашы өтүп калган ата-энеси Аселдин балдарын карап турууга макул болушкан. Социалдык тармактарда Асель Улуу Британиядагы фермалардын биринде кулпунай жыйноо боюнча сезондук жумуш тууралуу жарыяны көрүп калат. Шарттары жагымдуу болуп чыкты. Аселге WhatsApp аркылуу жооп беришип, алар сурар замат паспорттун маалыматтарын жана сүрөттөрүн жөнөткөн. Көп өтпөй Аселге каттоодон өткөнү тууралуу билдирүү келди. Андан кийин медициналык камсыздандырууну төлөп коюуну өтүнүштү. Асель 300 доллар которгон соң ага эч ким жооп бербей калды.
“Кеңири тараган алдамчылык схемаларына тилди же квалификацияны билбестен, жогорку маяналуу жумушка орноштуруу жөнүндө сунуштар, жасалма лицензияларды жана документтерди колдонуу, ошондой эле текшерилген мамлекеттик механизмдер аркылуу расмий келишим түзүүгө чейин визаны тариздөө же вакансияны брондоо үчүн жеке банктык карталарга акча которууну талап кылуу кирет. Шылуундар социалдык тармактарда жарнаманы жигердүү чыгарып, диалогду мессенжер аркылуу гана жүргүзүшөт. Ошол эле учурда “Бир гана орун калды” же “Тез арада төлөш керек” деген сөздөр менен психологиялык басым көрсөтүп, текшерүү үчүн расмий документтерди берүү талабына көнүшпөйт. Мындай “иш берүүчүлөрдүн” расмий кеңсеси жана юридикалык дареги болбойт”,-дейт КР ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкери Айдана Каныбекова.

Айдана Каныбекова социалдык тармактардагы жарнамаларга сын көз менен кароого, чет өлкөдө ишке орноштуруу маселелери боюнча расмий органдардан дайыма консультация алып турууга, кадрдык агенттиктерди мамлекеттик реестр аркылуу текшерүүгө, ал эми эмгек келишимин компанияны тыкыр текшергенден кийин гана түзүүгө чакырды. Сактык жана маалыматтарды текшерүү – шылуундардан коргонуунун негизги куралы.
Кийинки макалада шылуундарга туш болуп калсаңыз эмне кылыш керектигин айтып беребиз.