Баткендин круассандары: Бааргүл Пазылова Англияда иштеп келгенден кийин мекенинде өзгөчө наабайкана ачты

Баткендин круассандары: Бааргүл Пазылова Англияда иштеп келгенден кийин мекенинде өзгөчө наабайкана ачты

Баткенде нукура круассанды же ачыткы кошулбай жасалган нанды табуу жакынкы убакка чейин мүмкүн эмес болчу. Ал эми бүгүнкү күндө аларды "1+1" пилоттук программасына катышып, грант утуп, кичи мекенинде өз өндүрүшүн ачкан Бааргүл аттуу айым жасап жатат.

Ал “Ишкер Медиа” сайтына берген маегинде бул грант – көп жылдап каражат топтобой эле бизнес баштоого мүмкүнчүлүк түзгөнүн, ошондой эле ишкерлик жолунда туш болгон кыйынчылыктары тууралуу айтып берди.

-Өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз. Кайсы жерден болосуз? Кайсы кесиптин ээсисиз? Буга чейин эмне кылгансыз? 

-Менин атым Бааргүл, Баткенден болом, 38 жаштамын. Коомдук тамактануу тармагында 10 жылдан бери иштеп келатам.

-Наабайкана ачуу идеясы кантип пайда болду жана бул иш менен алектенүүгө сизге эмне түрткү берди?

-Англияга алгач эжем кеткен. Ал жакта эжем ушул тармакта, тактап айтканда, камыр менен иштеген. Кайтып келгенден кийин эжем бул жактан ушуга окшогон бир ишти баштоону, бул үчүн чоң мештерди жана камыр жууруй турган жабдууларды сатып алууну сунуштады. Андан соң мен "1+1" пилоттук программасы тууралуу угуп, наабайкана ачуу үчүн грант утуп алуу максатында бул сынакка катышууну чечтим.

-Бизнести кайсы каражаттын эсебинен баштадыңыз?

-Буга чейин өзүмдүн жабдууларым, жумуш ордум бар болчу. Бирок, алар эски эле, буга кошумча, мештер мен каалагандай сапатта даярдай алчу эмес. Анан мен каттама камыр менен иштегим келди. Эл аралык миграция уюмунун грантын утуп алгам, бул акчага камыр жайган жакшы жабдууларды, жаңы мешти сатып алдым. Мен ошондой эле ачыткыга жасалган пайдалуу нанды бышырганды да үйрөнүп, бул үчүн Москвадан келген кондитердин Бишкекте өткөргөн курстарына катыштым. Эми болсо нандан тышкары элге круассан, самсанын түрлөрүн сатып жатам.

-Сиздин бизнесиңиз – бул үй-бүлөлүк ишпи? Үй-бүлөңүздөн кимдер тартылган? Сизде канча кызматкер бар?

-Ооба, жолдошум менен иштейм. Бизде төрт кызматкер бар. Мисалы, мен тамак-ашты, эртең мененки тамактарды жасайм. Жолдошум кассада турат. Дагы бир адамга нан бышырып, круассан жасаганды үйрөттүм, дагы бир кызматкер май токоч жана камырга оролгон сосисканы жасайт. Ошондой эле нөөмөткө чыкчу кызматкерибиз жана идиш жууган дагы бир адам бар. Биз ошондой эле азыктарды жергиликтүү мектептин ашканасына, дагы башка түйүндөргө жеткирип турабыз.

-Бизнесиңиз ирдене баштады деп айтса болобу? 

-Ооба, ошентсе да болот. Финансылык жактан “күрөктөп акча таппасак” да, мен көп нерсени үйрөндүм. Мисал, Баткенде круассанды менден башка эч ким жасабайт, аны өзгөчө эртең менен абдан сурашат. Азырынча мен бардык тапкан кирешени бизнесиме салып жатам. Мындан тышкары, дагы көптөгөн ингредиенттер керек. Мисалы, круассан үчүн каттама камырды да, ичине салчуларын да Баткендин өзүндө сатып ала албайсың, аларды Бишкектен буйрутма берип алдыртабыз.

Ошондой эле менде “бизнес жаздыкча” да бар. Күн сайын ага 100-200 сом болсо да бөлүп турам. Муну бизге ЭМУнун долбоорунун алкагында финансылык сабаттуулук жана салыктар боюнча тренингдерде үйрөтүшкөн. Ал жерден кирешени туура бөлүштүргөндү үйрөндүм.

Келечектеги пландарга токтолсом, шаардын борборунда эки чоң сейил бак ачылды. Эртең менен кофе, круассан жана нан гана сунуштай турган наабайкананы ачыш үчүн ошол парктан орун алганга аракет кылып жатам.

-Бул бизнести жүргүзүп жатып, кандай кыйынчылыктарга туш болдуңуз?

-Менин түйүнүм Баткендин борборунда орун алган. Бирок ижарага берүүчүлөр квартал сайын бааларды көтөрүп жатышат, ал эми бул жерде шарттар оюмдагыдай эмес. Жакында эле ачылган сейил бактарда павильондор даяр болуп калгансыйт, бирок аларды ким алаары азырынча чечиле элек.

Биз мэрияга көп жолу кайрылдык. Жаз келерине аз калды, ал жактан павильон алабызбы же жокпу билбейбиз. Алган күндө да жабдууларды даярдап, сатып алууга убакыт керек эмеспи. Техниканы сатып алганга акча жок; сезонго үлгүрүп калыш үчүн насыя алабыз го дейм.

-Сиздикиндей ишканалар жергиликтүү бюджетке жана жалпысынан эле өлкөнүн экономикасына кандай салым кошуп жатат деп ойлойсуз?

-Мен салык төлөйм. Менде иштеген адамдар да күн сайын айлык алып турушат. Анын үстүнө үй-бүлөмдү багып жатам. Мамлекет үчүн дагы бир пайдасы – элди табигый жана таза азыктар менен камсыз кылуудабыз. Мен дагы филиалдарды ачып, азыркыдан да көп адамдарды жумуш менен камсыз кылууну пландап жатам.

-Чет жерде тапкан акчасын мекенинде бизнеске жумшагысы келген кыргызстандыктарга кандай кеңеш берет элеңиз?

-Сөзсүз башка өлкөлөргө барып, ал жакта адамдар кандай иштеп жатканын көргүлө деп кеңеш берет элем. Кыргызстан өнүгүшү үчүн сырттан билим алып келишибиз керек. Окуп, дүйнө тааныбызды кеңейтүү зарыл, антпесе, өлкөнүн ичинде өнүгүү оңой болбойт.

 Дагы кошумчалай кетейин, гранттын жардамы менен сатып алган жабдуулар мага чоң колдоо болуп берди. Азыр каттама камырды өзүбүз жасап, муну менен абдан эле үнөмдөп калдык. Мен долбоорго абдан ыраазымын. Бул долбоорго катышканым жемишин бере баштады. Азырынча акча көп болбосо да, жасап жаткан ишимден абдан ырахат алуудамын. Долбоорго кайрадан катышууга мүмкүнчүлүк болсо, мен чоң ишкананы – бардык шарттары бар чыныгы наабайкананы ачмакмын.
Бул басылма Эл аралык өнүгүү үчүн Улуу Британия өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Бул басылманын мазмуну сөзсүз түрдө Улуу Британиянын өкмөтүнүн расмий көз карашын чагылдырбайт.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 28-июлда кыргыз-өзбек бизнес өкүлдөрү жолугушат

Бишкекте 28-июлда кыргыз-өзбек бизнес өкүлдөрү жолугушат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министринин орун басары Хуррам Тешебаев менен жолукту. Улуттук агенттиктен билдиришкендей, жолугушууда алдыдагы Кыргыз-Өзбек бизнес-форумуна даярдык көрүү маселелерин талкууланды. Аталган иш-чара 28-июлда Бишкекте өтөт. Ошондой эле мамлекеттик органдар менен бизнес өкүлдөрүнүн өз

Бишкекте ШКУ саммитине карата жашылдандыруу иштери жүрүүдө

Бишкекте ШКУ саммитине карата жашылдандыруу иштери жүрүүдө

Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине даярдыктын алкагында борбор калааны көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча “Бишкек жашыл курулуш” муниципалдык ишканасынын адистери комплекстүү иштерди улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда “Манас” эл аралык аба майданына алып баруучу унаа жолундагы транспорттук түйүндө жалпы аянты 24 миң чарчы метрди түзгөн жерге газон

Кытай тарап Кыргызстанда жер семирткич жана вакцина чыгаруучу ишканаларды курат

Кытай тарап Кыргызстанда жер семирткич жана вакцина чыгаруучу ишканаларды курат

Кыргызстанда жылына 600 миң тоннага чейин минералдык жер семирткич чыгаруучу завод жана 30 млн дозага чейин ветеринардык вакцина өндүрүүчү ишкана куруу мерчемделүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Бул багытта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кытайдын агроөнөр жай тармагындагы ири компанияларынын жетекчилери менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө "

Нарында көрүстөн үчүн Миң-Булак айылынан 5 гектар жер бөлүнөт

Нарында көрүстөн үчүн Миң-Булак айылынан 5 гектар жер бөлүнөт

Нарын шаарындагы сөөк коюу үчүн жер тартыштыгын чечүү максатында Миң-Булак айыл аймагынан 5 гектар жер бөлүү боюнча иштер жүрүп жатат. Калаа мэриясынын маалыматына ылайык, бул маселе Нарын райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте каралып, тиешелүү иштер мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлүүдө. Учурда шаар аймагындагы көрүстөндөрдө жаңы сөөк коюуга ылайыктуу жер дээрлик