Чындыкка айланган “Мираж”: үйүн сагынганы мигрант Замирбек Токторовду кантип ийгиликтүү ишкерге айландырды?

Чындыкка айланган “Мираж”: үйүн сагынганы мигрант Замирбек Токторовду кантип ийгиликтүү ишкерге айландырды?

Бүгүн “Ишкер медиа” “Борбор Азиядан Улуу Британияга сезондук ишке барган жумушчулардын коопсуз миграциясы” долбоорунун катышуучулары тууралуу топтомдун кезектеги материалын жарыялайт. Ал эмгек мигрантынын турмушуна көнүп эле тим калбастан, ишкерликтин негиздери боюнча ар тараптуу окутуудан өтүп, кийин кошо каржылашуу боюнча “1+1” сыноо демилгесинин колдоосу менен өз ишин ачкан мекендештерибиздин башынан өткөн окуяларды баяндайт.

Кыргызстандын түштүгүндөгү Баткен облусунда Чек деген айыл бар. Өрөөнүндө өрүкзар кулпуруп, аскасында айгүл ачылган бул жактын эли да эркин, жери да ажайып. Биз тагдыр буйруп Замирбек Токторов менен таанышып калдык: жети жыл мурун ал жыл сайын чет өлкөгө иш издеп кетчү эле, эми өз айылынын белдүү ишкерлеринин бири.

Замирбек ээлик кылган “Мираж” кафеси Баткен облусунда попкорнду, балмуздакты жана какталган тоокту айкалыштырган өзгөчөлүгү менен аты чыккан. Маектешибиз кыргызстандык мигранттардын ак эткенден так эткен кыялын ишке ашырып, каржылык маселесин чечип, каатчылыктын айынан ата журтунан алыс кетпестен, мындан нары чет өлкөгө жакшылык үчүн гана барууга шарт түзгөн ийгиликтүү ишти уюштурушуна эмне жардам бергенин билип алалы.

— Замирбек, сиздин ишиңиз – үй-бүлөлүк ишкана экен. Жакындарыңар менен чогуу иш баштоо жүрөктү опколжуткан жокпу? Чырдаша кетебиз деп корккон жоксуңарбы?

— Ишимди баштоодон корккон деле жокмун, себеби айлап-жылдап миграцияда жүрүп ар кандай тажрыйба алгам: ар түрдүү кафе-ресторандарда ашпозчу болуп, андан тышкары айыл чарба ишканаларында иштечүмүн. Үйүңдөн миңдеген чакырым алыс жүрсөң каржы маселесин чечип, жакындарыңдан алыс кетпей өз жериңде калгандын эле аргасын ойлоп калат экенсиң.

— Кыргызстанга келүүдөн мурда канча жыл эмгек миграциясында жүрдүңүз?

— Жети жылдан ашык жүрдүм. Ал арада КМШнын ар кайсы өлкөлөрүндө иштегенге үлгүрдүм. Бирок баарынан да Улуу Британиядан алган тажрыйбам жакты.

— Миграцияда жүргөндө баарынан кыйын нерсе эмне болду, эмне үчүн кайтып келүүнү чечтиңиз?

— Миграциянын күнүмдүк кыйынчылыктарын көп эле кишилер айтышат, алар окшош эле: билеттер менен турак жай кымбат, эмгек менен турмуштун шарты дайыма эле жакшы боло бербейт, улам жаңы эрежелер менен адаттар кире берет. Бирок мен миграцияда жүргөндө эң “талуу” жерим ата-энем менен мекенимди сагынганым болду. Анын бир эле жолу бар болчу. Мен өз максатымды аябай жакшы түшүнүп тургам: Кыргызстанга кайтып келип, аялым менен балдарымды бекем кучактап, ийгиликтүү ишкер болушум керек эле. Чоочун жерде темселебей, өз өлкөмдү жакшырткым келчү.

— Аялыңыз экөөнөр ишти баштаганда кандай чыгым тарттыңар? Кантсе да кофекана менен наабайкана алгачкы капиталды талап кылат да: жабдуу, өнүмдөр, менюну жана башка материалдарды бастырып чыгаруу зарыл го. 

— Мен чет өлкөгө иштегени барганда пайдалуу бир адат таап алгам – айлык алган сайын акчанын бир бөлүгүн катып койчумун. Ошентип жыйып-терип отуруп бир нече жылда алгачкы жабдуу сатып алганга акчам жетип калды. Кафебизди азыркыдай кылып ачыш үчүн зарыл акчаны Улуу Британияда иштеп жүрүп таптым. Мурда мал-жандык кармап жүрчү элек, ошону сатып жибергенибиз да кошумча огожо болду. Анан албетте, кошо каржылашуу форматындагы колдоо негизги роль ойноду. Жалпы жонунан үй-бүлөлүк ишке 500 миң сом жумшадым. Эл аралык миграция уюму (ЭМУ) 290 миң сом өлчөмүндө жардам бөлүп берди.

— Чакан кафеңердин урааны барбы?

— Урааны эле эмес, философиябыз да бар деп айтат элем: таза жана жаңы өнүмдөрдөн тамак жасап, өз рецепттерибизди ойлоп табуу. Бизде балмуздак менен попкорн эле эмес, башка шириндиктер да сатылат. Шаарда биздин какталган тоокторубуз да аты чыккан, анын даамы теңдеши жок, чыгынын болсо өз сыры бар. 

— Үй-бүлөлүк иш ачканыңарды туугандарыңар кандай кабыл алышты? Колдоштубу?

— Абдан жакшы кабыл алышты. Туугандарыбыз кеңешин да аянбай, материалдык жактан да жардам беришти. Досторубуз да колдоду: азыр “Мираж” кафеси жайгашкан имаратты бекер оңдоп беришти. 

— Ишиңер кийин балдарыңарга өткөрүп бергенге жарайт деп ойлойсуңарбы? Жараса аларга эмитен эмне айтат элеңер?

— Биз ишибизди балдарыбызга өткөрүп бергенге колдон келишинче аракет кылып жатабыз. “Кийин биздин чакан кафени силер башкарасыңар” деп балдарга дайыма айтам. Чындап эркин болуш үчүн канча эмгек жумшалганын алар да билсе, эсинде тутса дейбиз.

Кошо каржылашуу боюнча “1+1” сыноо долбоорунун катышуучусу Замирбек Токторовдун баяны мигранттардын көпчүлүгү сүйүктүү иш менен алектенип, айланага кубаныч тартуулагыдай мүмкүнчүлүккө ээ болсок деп жөнөкөй жана жаркын тилек кыларын көрсөтүп турат. Ага, мисалы, бүтүндөй Баткен облусунда эң даамдуу попкорн жана какталган тоок бышыруу аркылуу жетсе болот. 

Өз кезегинде "Ишкер медиа" редакциясы Улуу Британияда иштеп жүрүп, кийин Кыргызстанда өз ишин ачмакчы болгон мекендештерибиздин окуяларын баяндоону уланта берет. Анткени өз үйүңдөн өтөрү жок.
Бул басылма Эл аралык өнүгүү үчүн Улуу Британия өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Бул басылманын мазмуну сөзсүз түрдө Улуу Британиянын өкмөтүнүн расмий көз карашын чагылдырбайт.

Мындан тышкары окуңуз

Эттин баасын жеткиликтүү сатып алууга болот

Эттин баасын жеткиликтүү сатып алууга болот

Эттин баасынын кескин өсүшүнө жол бербөө жана калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында тиешелүү чаралар көрүлүп жатат. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Кызматтын маалыматына ылайык, учурда эттин баасынын өсүшүнө объективдүү негиз жок. Республикада малдын саны өсүп жатканы белгиленип, жайыт мезгили аяктап, малдын жайлоодон түшүшү менен эттин баасынын

Бишкекте 3 эм төрөлдү. Эненин боюнда 4 эм болуп, төртүнчүсү өспөй калган

Бишкекте 3 эм төрөлдү. Эненин боюнда 4 эм болуп, төртүнчүсү өспөй калган

Бүгүн, Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун Перинаталдык борборунда өзгөчө татаал кош бойлуулуктагы аялга кесарево жолу менен операция жасалды. Аялдын кош бойлуулугу алгач төрт эм болгон жана табигый жол менен, ЭКОнун жардамысыз жаралган. Кош бойлуулуктун 19-жумасында түйүлдүктөрдүн бири өнүгүүсүн токтоткон. Калган кош бойлуулукту дарыгерлер тыкыр көзөмөлдөп, сактап калуу үчүн

Бишкекте киберкоопсуздук боюнча улуттук фестиваль өтөт

Бишкекте киберкоопсуздук боюнча улуттук фестиваль өтөт

22-сентябрда Бишкектеги “Жаштык Арена” аянтчасында Кыргызстандын киберкоопсуздугуна арналган улуттук “CYBERNOMAD FEST 2026” фестивалы өтөт. Мындай маалыматты УКМКнын басма сөз кызматты жарыялады. Билдирүүгө караганда, иш-чарага мамлекеттик органдардын, маанилүү маалыматтык инфраструктуранын субъекттеринин, банктардын жана каржы уюмдарынын, телекоммуникациялык жана IT-компаниялардын, билим берүү мекемелеринин, эл аралык уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүнөн

Кыргызстанда балык чарбасы үчүн 16 көлмөгө сынак жарыяланды

Кыргызстанда балык чарбасы үчүн 16 көлмөгө сынак жарыяланды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаменти  балык өстүрүү үчүн көлмөлөрдү жана алардын аймагын пайдалануу укугуна сынак жарыялады. Сынакка Ысык-Көл, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарындагы он алты объект коюлган. Алардын ичинде көлмөлөр, көлдөр жана аянты 0,3 гектардан