Мамлекеттик салык кызматы маркетплейстер аркылуу соода жүргүзүү ыкмасын сыноодон өткөрдү

Мамлекеттик салык кызматы маркетплейстер аркылуу соода жүргүзүү ыкмасын сыноодон өткөрдү

Мамлекеттик салык кызматы селлерлер жана маркетплейстердин өкүлдөрү менен биргеликте электрондук соода аянтчалары аркылуу соода жүргүзүүдө колдонулуучу электрондук эсеп-фактуранын жаңы формасын пайдалануу менен товарларды тесттик жөнөтүүнү ишке ашырды.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиргендей, сыноонун жыйынтыгында товарларды КРнын аймагынан Казакстандын аймагы аркылуу РФна ийгиликтүү алып чыгуу камсыздалды. Бул форманы киргизүү бизнес жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле товарларды КРнын аймагынан тоскоолдуксуз алып чыгууга багытталган.

Электрондук соода аянтчасындагы соода ишмердүүлүгүнүн алкагында эсеп-фактура товарларды КРнын аймагынан чыгарганга чейин электрондук документ түрүндө таризделет.

Бул документ электрондук соода аянтчалары аркылуу кийинки сатууга арналган товарлардын кыймылын документтик коштоо үчүн гана колдонулат.

Белгилей кетсек, мындай эсеп-фактураны тариздөө товарларды сатуу фактысы болуп эсептелбейт жана салык милдеттенмелеринин жаралышына алып келбейт.

Электрондук эсеп-фактура маалыматтар системасында электрондук соода аянтчасындагы соода ишмердүүлүгүнүн алкагында эсеп-фактураны тариздөөнүн тартиби Электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасы (ЭЭФ МС) аркылуу ишке ашырылат.

💡
Маанилүү: электрондук соода аянтчасындагы соода ишмердүүлүгүнүн алкагында таризделген эсеп-фактурага өзгөртүү киргизүүгө болбойт жана ал жараксыз деп табылбайт. Ушуга байланыштуу салык төлөөчү бардык маалыматтарды толук, так жана катасыз толтурууга милдеттүү.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан эки айда 213 745 гүл экспорттоду

Кыргызстан эки айда 213 745 гүл экспорттоду

Кыргызстанда өстүрүлгөн гүлдөр жергиликтүү базарга гана эмес, чет өлкөгө да сатылууда деп кабарлады Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги. Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Кыргызстандан гүлдөр негизинен Россия, Казакстан, Өзбекстан, Армения жана башка мамлекеттерге экспорттолот. * 2024-жылы чет өлкөгө 13 049 405 гүл жөнөтүлгөн * 2025-жылы — 24

Жайытты мыйзамсыз тосуп алган жаранга 32 716 сом айып пул салынды

Жайытты мыйзамсыз тосуп алган жаранга 32 716 сом айып пул салынды

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан Өзгөн районунун Жазы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Тоо айылында жергиликтүү эки жаран жайыт жерин мыйзамсыз тосуп алгандыгы аныкталган. Аталган факты боюнча тиешелүү акт түзүлүп, Ү.С. жана Ш.Н. аттуу жарандарга Укук бузуулар кодексинин 239-беренесинин негизинде

Бишкекте алдамчылык жол менен 22 млн сомдон ашык акча өндүргөн шектүүлөр кармалды

Бишкекте алдамчылык жол менен 22 млн сомдон ашык акча өндүргөн шектүүлөр кармалды

Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына 1948-жылы туулган жаран Ч.Г. арыз менен кайрылып, белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган. Шектүүлөр өздөрүн УКМКнын, ИИМдин жана Улуттук банктын кызматкерлери катары тааныштырып, алдоо жолу менен ишенимге киришкен. Бишкек шаарынын ИИББнын басма сөз кызматынан маалымдагандай, алдоо жолу менен кылмышкерлер жабырлануучуну банкомат аркылуу

Ишенимдүү жумушка орношуу: чет өлкөдөн иш издеген кыргызстандыктар эмнелерди билиши керек

Ишенимдүү жумушка орношуу: чет өлкөдөн иш издеген кыргызстандыктар эмнелерди билиши керек

Кыргызстандыктар Европада ишке расмий орноштурган программаларга көбүрөөк кызыга баштаган чакта шылуундар да жөн жатышкан жок. Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) эксперттери социалдык тармактарга чыккан жана мессенжерлерден келген шектүү билдирүүлөргө ишенбөөгө, жеке маалыматтарды белгисиз адамдарга бербөөгө үндөп, расмий сайттар жана лицензиясы бар операторлор аркылуу гана ишке орношуу керектигин эске салышат.  Жакшы