Ишенимдүү жумушка орношуу: чет өлкөдөн иш издеген кыргызстандыктар эмнелерди билиши керек

Ишенимдүү жумушка орношуу: чет өлкөдөн иш издеген кыргызстандыктар эмнелерди билиши керек

Кыргызстандыктар Европада ишке расмий орноштурган программаларга көбүрөөк кызыга баштаган чакта шылуундар да жөн жатышкан жок. Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) эксперттери социалдык тармактарга чыккан жана мессенжерлерден келген шектүү билдирүүлөргө ишенбөөгө, жеке маалыматтарды белгисиз адамдарга бербөөгө үндөп, расмий сайттар жана лицензиясы бар операторлор аркылуу гана ишке орношуу керектигин эске салышат. 

Жакшы жашоо тууралуу кыялдар сөзсүз орундалат

КР Социалдык камсыздоо жана эмгек министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуу борборунун (ЖЧИБ) маалыматы боюнча, 2024-жылы Улуу Британияда сезондук жумушка 26 миңден ашуун кыргызстандык өтүнмө берген. Жакындарынан узак мөөнөткө алыс кетүүгө макул болгон эмгек мигранттары үй-бүлөсүнүн материалдык абалын жакшыртып, өз жолун табуу максатында чоң сапарга аттанышууда.

Миграцияда жүрүп, көптөр өздөрүнүн кадыресе жашоо калыбын баамдап чыгышат. Басымдуу бөлүгү жөнөкөй бир чындыкты түшүнүшөт: маңдай тери менен тапкан акчаны үнөмдөп, көбөйтүүнүн эң жакшы жолдорунун бири – топтогон акчаны Кыргызстанда үй-бүлөлүк бизнес ачууга жумшап, сабырдуулук менен ишиңди кеңейтип, өзүң жана келечек муун үчүн бекем пайдубал тургузуш керек. 

Ийгиликтүү окуялар көп. Алсак, Селекционное айылындагы агро-ишкер Кубаныч Тагаев тоок жана балык үчүн протеиндүү тоюттарды өндүрүүнү жолго коюп, келечеги кең чарбаны жүргүзүүдө. Бааргүл Пазылова Баткенде кытыраган круассандарды жасап жатат. Ал эми Чек айылынын тургуну Замирбек Токторов балмуздак, попкорн жана грилде бышкан тоок этин саткан “Мираж” кафесин ачкан.

Бул ишкерлердин баары “Борбордук Азиядан Улуу Британияга сезондук жумушчулардын коопсуз миграциясы” долбоорунун катышуучулары. Алар эмгек миграциясынан кийин ишкердиктин негиздери боюнча окуудан өтүп, андан соң Эл аралык миграция уюмунун “1+1” кошо каржылоо демилгесинин колдоосу менен жеке бизнесин ачышкан.

Ушул жана башка ийгиликтүү мисалдар жакшы жашоо жөнүндө кыялдарды Мекенде да орундатса болорун тастыктап турат. Эң негизгиси – жолго чыгардын алдында этият жана сак болуп, лицензиясы бар операторлор аркылуу гана расмий жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүн караштырыңыз.

Улуу Британияда Сезондук жумушчулардын программасы кантип иштейт

Ушундай жумушка орноштурууну Улуу Британиянын Өкмөтүнүн Визалык программасы сунуштайт. Бул Программа айыл чарба тармагындагы иш берүүчүлөргө жашы жеткен чет өлкөлүк жарандарды сезондук жумуштарга, мисалы, ачык талааларда, бакчаларда жана күнөсканаларда мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды жыйноо учурунда жалдоого мүмкүндүк берет.

Жумуш издегендер үчүн онлайн каттоо HOPS жана PRO FORCE операторлору квота ачкандан кийин гана Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуу борборунун расмий сайты аркылуу гана жүргүзүлөт. Ал эми бүгүнкү күндө кыргызстандыктарды Улуу Британияда жумушка орноштурууга Улуу Британиянын өкмөтүнөн жана Кыргызстандын өкмөтүнөн лицензия алган жалгыз жеке ишке орноштуруу агенттиги – бул GRI-HR ЖЧКсы.

Жумушка орношуунун өзү акысыз. Расмий эмгек келишимин алгандан кийин жумушчу Улуу Британияга визаны тариздөөнү, барып келгенге учак билетин, ошондой эле жашаган жерине, тамак-ашына жана тиричиликке керектүү буюмдарга кеткен чыгымдарды гана төлөйт.

Сезондук жумушчунун визасы алты айга чейин фермаларда жашап, иштөөгө мүмкүндүк берет. Жумушчу визанын мөөнөтү бүткөнгө чейин Улуу Британиядан чыгып кетүүгө тийиш. Кыргызстанга кайтып келгенден кийин төрт ай өткөн соң гана Программага кайрадан катышууга болот. Мындан улам жаңы виза боюнча иш башталчу күн Британиядан чыгып кеткенден кийин төрт айдан эрте болбошу керек. Жумушка орноштуруунун бул форматы чет өлкөдө мыйзамдуу жана коопсуз иштөөгө, төлөнгөн салыктын бир бөлүгүн кайтарып алууга жана акча чогултуп, мекенинде өз ишин ачууга мүмкүндүк берет.

Сак болуңуз, шылуундар жүрөт!

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуу борбору белгиленгендей, жарандар ишке орноштуруу программасына көбүрөөк кызыккан сайын социалдык тармактарда айыл чарба кызматкерлерин жалдоо тууралуу жалган жарнактар ​​көп чыга баштады. Шылуундар ишенчээк, маалыматы аз жарандарды жүздөгөн долларга алдап, атайын схемаларды ойлоп таап, ишке ашырышууда.

Асель Рыскулова (аты өзгөртүлдү – ред.) эки баланы жалгыз багып жүрөт. Өткөн жылы Асель чет өлкөдөн жумуш издеп көрүүнү чечти, себеби үй-бүлөсүн багыш керек болчу. Жашы өтүп калган ата-энеси Аселдин балдарын карап турууга макул болушкан. Социалдык тармактарда Асель Улуу Британиядагы фермалардын биринде кулпунай жыйноо боюнча сезондук жумуш тууралуу жарыяны көрүп калат. Шарттары жагымдуу болуп чыкты. Аселге WhatsApp аркылуу жооп беришип, алар сурар замат паспорттун маалыматтарын жана сүрөттөрүн жөнөткөн. Көп өтпөй Аселге каттоодон өткөнү тууралуу билдирүү келди. Андан кийин медициналык камсыздандырууну төлөп коюуну өтүнүштү. Асель 300 доллар которгон соң ага эч ким жооп бербей калды.

“Кеңири тараган алдамчылык схемаларына тилди же квалификацияны билбестен, жогорку маяналуу жумушка орноштуруу жөнүндө сунуштар, жасалма лицензияларды жана документтерди колдонуу, ошондой эле текшерилген мамлекеттик механизмдер аркылуу расмий келишим түзүүгө чейин визаны тариздөө же вакансияны брондоо үчүн жеке банктык карталарга акча которууну талап кылуу кирет. Шылуундар социалдык тармактарда жарнаманы жигердүү чыгарып, диалогду мессенжер аркылуу гана жүргүзүшөт. Ошол эле учурда “Бир гана орун калды” же “Тез арада төлөш керек” деген сөздөр менен психологиялык басым көрсөтүп, текшерүү үчүн расмий документтерди берүү талабына көнүшпөйт. Мындай “иш берүүчүлөрдүн” расмий кеңсеси жана юридикалык дареги болбойт”,-дейт КР ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкери Айдана Каныбекова.
КР ИИМ КИББнын ыкчам кызматкери Айдана Каныбекова сактык жана маалыматтарды текшерүү – шылуундардан коргонуунун негизги куралы болгонун эске салды. Сүрөт маектештин жеке архивинен алынды.

Айдана Каныбекова социалдык тармактардагы жарнамаларга сын көз менен кароого, чет өлкөдө ишке орноштуруу маселелери боюнча расмий органдардан дайыма консультация алып турууга, кадрдык агенттиктерди мамлекеттик реестр аркылуу текшерүүгө, ал эми эмгек келишимин компанияны тыкыр текшергенден кийин гана түзүүгө чакырды. Сактык жана маалыматтарды текшерүү – шылуундардан коргонуунун негизги куралы.

Кийинки макалада шылуундарга туш болуп калсаңыз эмне кылыш керектигин айтып беребиз.

Бул басылма Эл аралык өнүгүү үчүн Улуу Британия өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Бул басылманын мазмуну сөзсүз түрдө Улуу Британиянын өкмөтүнүн расмий көз карашын чагылдырбайт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан түрк мамлекеттери менен биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар

Кыргызстан түрк мамлекеттери менен биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар

Президент Садыр Жапаров бүгүн, Түркия Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын 13-саммитине катышып сөз сүйлөдү.  Мамлекет башчысы өз сөзүндө азыркы геосаясий жана экономикалык өзгөрүүлөрдүн шартында Түрк мамлекеттер уюмунун ролу өсүп жатканына токтолуп, Кыргызстан биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып, өндүрүштүк чынжырларды түзүүгө кызыкдар

Ишкер Media
Өлкөдө бир каржы пирамидасы элден 5 млрд сом чогултуп алган

Өлкөдө бир каржы пирамидасы элден 5 млрд сом чогултуп алган

Кыргызстанда бир ири компания Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын брокердик лицензиясын колдонуп, өзүнө караштуу дагы 20-22 ишкана ачып, элден 5 млрд сом чогулткан. Бул тууралуу Финансылык көзөмөл кызматынын төрагасы Кайрат Маматов “Биринчи радионун” эфиринде айтты. Анын маалыматына караганда, сөз болуп жаткан компания каражатты пайызга алган. Мындай ишмердик

Ишкер Media
ИИМ интернет алдамчылар көбөйгөнүн дагы да эскертүүдө

ИИМ интернет алдамчылар көбөйгөнүн дагы да эскертүүдө

ИИМ интернет-алдамчылык фактылары көбөйүп жаткандыгына байланыштуу жарандарды жеке маалыматтарын жана аккаунттарын коргоого чакырат. Министрликтин маалыматына ылайык, алдамчылар өздөрүн уюлдук операторлордун, банктардын же башка мекемелердин кызматкерлери катары тааныштырып, колдонуучулардан аккаунтка кирүү үчүн ырастоо коддорун алууга аракет кылышууда. Мындай аракеттер акыркы күндөрү көбөйгөнүн MEGA оператору да билдирген. ИИМ жарандарга мессенджерлерде эки

Ишкер Media
Турак жайды камсыздандыруу: төлөмдөр, талаптар жана жарандардын укуктары

Турак жайды камсыздандыруу: төлөмдөр, талаптар жана жарандардын укуктары

Кыргызстанда турак жайды милдеттүү түрдө камсыздандыруу каралган. Ал өлкө мыйзамдарына ылайык шаарларда да, айыл жергесинде да колдонулат. Алдыда турак жайды камсыздандыруу акысы, керектүү документтер, бүгүнкү күнгө карата аткарылган төлөмдөр тууралуу сөз кылабыз. "Ишкер" медиа сайтынын суроолоруна Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун басма сөз кызматынан жооп беришти. — Өлкөдө турак жайды камсыздандыруу

Ишкер Media