Мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик азыктардын ири партиясы жок кылынды
Салык кызматынын кызматкерлери «Ак-Тилек» товарларды эсепке алуу пунктунда мөөнөтү өтүп кеткен жана эсепке алынбаган кондитердик азыктарды ташыган жүк ташуучу унааны аныкташты.
Аталган кызматтын маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган продукциянын бир бөлүгү белгиленген тартипте эсепке алынбаганы, ал эми товарлардын бир бөлүгүнүн жарактуулук мөөнөтүнүн өтүп кеткени белгилүү болгон. Табылган продукциянын жалпы салмагы болжол менен 10 тоннаны түзөт.
Бул факты боюнча чогултулган материалдар мындан ары сот тартибинде кароо үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.
Соттун чечимине ылайык мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик азыктар таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун аймагында өрттөө жолу менен жок кылынды.
Салык кызматы эсепке алынбаган продукцияны, ошондой эле коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды сатууну аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда.