Бишкекте 10-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкекте 10-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

10-мартта Бишкектин айрым аймактарында реконструкция иштерине байланыштуу ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

2026-жылдын 10-мартында саат 10:00дөн 22:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүш объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.

Суу төмөнкү аймакта өчүрүлөт:
Октябрь көчөсү – Чыгыш ЧЧК – Аламүдүн суусу – Путепроводная көчөсү. Өчүрүү "ХБО" суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында реконструкция иштерин жүргүзүүгө байланыштуу жүргүзүлөт.

"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, тургундарды жана мекемелерди ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ак-Суу районунда туристтердин саны 8 эседен ашык өстү

Орто-Токой суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Кыргызстан баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүү боюнча эл аралык конгресске катышты

Токтогул шаарында электр тармагын жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө

Караколго тартылган инвестициянын көлөмү 9,5 млрд долларга жетти