Шэньси провинциясы менен финансылык кызматташтык талкууланды
Финансы министри Алмаз Бакетаев Шэньси провинциясынын финансы комитетинин директорунун орун басары Ли Синлун баштаган кытай делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-кытай мамилелеринин жогорку деңгээли белгиленип, өлкөлөр ортосундагы кызматташтык “Бир алкак, бир жол” демилгеси алкагында өнүгүп жатканы айтылды.
Министр Бакетаев ири инфраструктуралык долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу үчүн туруктуу финансылык механизмдерди жана узак мөөнөттүү каржылоо булактарын түзүү зарылдыгын баса белгиледи.
Тараптар Кыргызстандын жана Шэньси провинциясынын финансылык институттары ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана инвестициялык фонддорду түзүү, чакан жана орто бизнести колдоо, банктар аралык операцияларды өнүктүрүү жана улуттук валютада корреспонденттик эсептерди ачуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Кытай делегациясы эки тараптуу финансылык тейлөө механизмин түзүү, атайын кредиттик линияларды ачуу жана сооданы каржылоо инструменттерин колдонуу демилгелерин сунуштады.
Жыйынтыгында тараптар финансылык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана профилдик финансы институттарынын ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөөгө кызыкдар экенин билдиришти.

