Эрлист Акунбеков Жалал-Абаддагы асыл тукум уй чарбасын текшерди

Эрлист Акунбеков Жалал-Абаддагы асыл тукум уй чарбасын текшерди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Тойгонбай Ата асыл тукум чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, чарбанын жетекчиси 2023-жылы голштин породасындагы 22 баш уй алып келип, учурда алардын саны 45 башка жеткенин билдирди. Чарбадан алынган сүттүн орточо суткалык көлөмү 850–900 литрди түзөт. Ар бир уй күнүнө 28-30 литр сүт берет. Сүттүн 1 литри 40 сомдон сатылууда.

2025-жылдын 15-майындагы министрликтин буйругунун негизинде чарбага "Фермердик асыл тукум ферма" статусу ыйгарылган.

Чарба Сузак районунда жайгашкан. Учурда анда 4 туруктуу жумушчу иштейт. Райондук айыл чарба департаменти тарабынан чарбага 13 гектар сугат жана 9 гектар кайракы жер бөлүнүп берилген.

Жолугушууда фермер суу менен камсыздоо маселесин көтөрдү. Министр бул маселени чечүү боюнча жергиликтүү бийликке тапшырма берип, фермердик чарбаны өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ак-Суу районунда туристтердин саны 8 эседен ашык өстү

Орто-Токой суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Кыргызстан баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүү боюнча эл аралык конгресске катышты

Токтогул шаарында электр тармагын жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө

Караколго тартылган инвестициянын көлөмү 9,5 млрд долларга жетти