Тоо-кен тармагынан 5 жылда бюджетке 217,9 млрд сом түшкөн

Тоо-кен тармагынан 5 жылда бюджетке 217,9 млрд сом түшкөн

2021-2025-жылдар аралыгында тоо-кен тармагынан бюджетке 217,9 миллиард сомдон ашык салыктык жана салыктык эмес төлөмдөр түшкөн. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тоо-кен тармагы өлкө экономикасында системаны түзүүчү негизги тармактардын бири бойдон калууда. 2025-жылдын 12 айында гана бул тармактан түшкөн каражат 65 миллиард сомго жетип, туруктуу өсүш байкалган.

Өлкө экономикасына өзгөчө салымды "Кумтөр" ишканасы кошуп келет. Акыркы беш жылда ишкананын кирешеси 76 миллиард сомду түзгөн.

Министрлик учурда пайдалуу кендердин запастарын көбөйтүү, өндүрүш көлөмүн арттыруу жана негизги кендердин иштөө мөөнөтүн узартуу боюнча иштер улантылып жатканын белгилейт.

Мындан тышкары, экологиялык саясаттын алкагында абанын сапатын жакшыртуу, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана экологиялык көзөмөлдү күчөтүү боюнча бир катар чаралар ишке ашырылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда мал чарбачылыгын өнүктүрүү долбооруна 1,5 млрд сом багытталат

Кыргызстанда мал чарбачылыгын өнүктүрүү долбооруна 1,5 млрд сом багытталат

Кыргызстанда эттин баасын турукташтырууга жана эт багытындагы мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталган пилоттук долбоорду ишке киргизүү пландалып жатканын радио эфиринде   Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин директору Мухтар Чыналиев билдирди. Анын айтымында, долбоордун негизги максаты — азык-түлүк коопсуздугун камсыз

Бишкектеги №39 мектеп реконструкциядан кийин пайдаланууга берилди

Бишкектеги №39 мектеп реконструкциядан кийин пайдаланууга берилди

Бүгүн Бишкек шаарындагы №39 орто мектеп ири реконструкция жана капиталдык оңдоодон кийин пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Иш-чарага Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, мугалимдер жана окуучулар катышты. 1200 окуучуга ылайыкташкан мектепте үч кабаттуу

Бишкекте жолдордогу чуңкурларды оңдоо иштери жүргүзүлүүдө

Бишкекте жолдордогу чуңкурларды оңдоо иштери жүргүзүлүүдө

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Бишкектеги чуңкурларды оңдоо иштерин жургүзүп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти. Жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында ишкананын адистери жол кыймылынын бардык катышуучулары үчүн коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүнү камсыз кылуу максатында жол бетиндеги чуңкурларды  жоюуну ишке ашырышууда. Чуңкурларды оңдоо иштери шаардын жол тармагынын ар кайсы бөлүктөрүндө

Кыргызстандын фермерлери! Ким мыкты экенин далилдөөгө даярсыздарбы?

Кыргызстандын фермерлери! Ким мыкты экенин далилдөөгө даярсыздарбы?

"Айыл Банк" 2026-жылдын 18–19-апрелинде өтө турчу "Айдоо Фест – 2026" фестивалынын алкагында республика боюнча жер айдоо ачык чемпионат жарыялайт. Фестивалдын алдында өлкөнүн аймактарында чемпионаттын регионалдык тандоо турлары өткөрүлөт. Анда мыкты механизаторлор айыл чарба техникасын башкаруудагы чеберчилигин жана жерди так айдоо жөндөмүн көрсөтө алышат. Регионалдык этаптардын жеңүүчүлөрү