Кыргызстандын фермерлери! Ким мыкты экенин далилдөөгө даярсыздарбы?

Кыргызстандын фермерлери! Ким мыкты экенин далилдөөгө даярсыздарбы?

"Айыл Банк" 2026-жылдын 18–19-апрелинде өтө турчу "Айдоо Фест – 2026" фестивалынын алкагында республика боюнча жер айдоо ачык чемпионат жарыялайт.

Фестивалдын алдында өлкөнүн аймактарында чемпионаттын регионалдык тандоо турлары өткөрүлөт. Анда мыкты механизаторлор айыл чарба техникасын башкаруудагы чеберчилигин жана жерди так айдоо жөндөмүн көрсөтө алышат. Регионалдык этаптардын жеңүүчүлөрү чемпионаттын чоң финалына чыгып, Кыргызстандын эң мыкты айдоочусу наамы үчүн ат салышат.

Тандоо мелдештери төмөнкү аймактарда өтөт

I этап: 2026-жылдын 12–17-марты

·   12.03.2026 — Баткен облусу, Кадамжай району
Байланыш үчүн: Абдыкасым Акматов
Тел.: 0772 655 498

·   13.03.2026 — Ош облусу, Өзгөн району
Байланыш үчүн: Жакшылык Муканбетов
Тел.: 0550 03 00 07

·   14.03.2026 — Жалал-Абад облусу, Сузак району
Байланыш үчүн: Икрамжан Жумашов
Тел.: 0779 079 413

·   16.03.2026 — Талас облусу, Бакай-Ата району
Байланыш үчүн: Адилет Молдобаев
Тел.: 0505 877 087

II этап: 2026-жылдын 18–23-марты

·   18.03.2026 — Ысык-Көл облусу, Тоң району
Байланыш үчүн: Рустам Алышбаев
Тел.: 0551 228 430

·   19.03.2026 — Нарын облусу, Кочкор району
Байланыш үчүн: Бактыбек Бозумбаев
Тел.: 0701 771 100

·   23.03.2026 — Чүй облусу, Ысык-Ата району (Кант шаарынын жанындагы талаа)
Байланыш үчүн: Чолпонкул Кабаев
Тел.: 0703 912 419

Чемпионатка төмөнкү талаптарга жооп берген механизаторлор чакырылат:

  • Кыргыз Республикасынын жарандары;
  • 18 жашка толгон;
  • тиешелүү категориядагы жарактуу трактористтик күбөлүгү бар.

Финалдык этаптын жеңүүчүсү Кыргызстандын атынан Россияда өтө турган эл аралык жер айдоо фестивалына катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Анда ар кайсы өлкөлөрдөн келген мыкты механизаторлор менен күч сынашат. Ошондой эле чемпионаттын башкы демөөрчүсү "Автомаш Радиатор" ЖЧКсынан башкы байгеге ээ болот. Экинчи жана үчүнчү орундарды ээлеген катышуучулар расмий демөөрчү СТСК "Агромаш Холдинг ТехСервис" тарабынан баалуу сыйлыктар менен сыйланышат.

"Айдоо Фест – 2026" — бул жөн гана кесиптик мелдеш эмес, үй-бүлө үчүн чоң майрам. Мелдештин техникалык камсыздоосун фестивалдын башкы демөөрчүсү "Автомаш Радиатор" ЖЧКсы камсыздап, айыл чарба техникаларын сунуштап жана чемпионатты өткөрүүгө даярдайт.

Иш-чаранын программасында:

  • Айыл чарба жана атайын техникалардын көргөзмөсү;
  • Айыл чарба дрондорунун демонстрациясы;
  • Сугат (дождевальный) жабдуулары;
  • Агрохимикаттар фестивалы;
  • Асыл тукум малдардын көргөзмөсү;
  • Сыр жана бал фестивалы, фермерлердин айыл чарба продукцияларынын жарманкеси;
  • Атайын жана айыл чарба техникаларына тест-драйв;
  • Балдар үчүн оюн аянтчасы — толугу менен акысыз;
  • Балдар шоу-программасы;
  • Балдар жана чоңдор үчүн мастер-класстар зонасы;
  • Ата мекендик жана эл аралык популярдуу жылдыздардын катышуусунда шоу-концерт;
  • Баалуу белектердин утуш ойнотуусу: тиричилик техникалары, наушниктер, планшеттер, фестивалдын өнөктөштөрүнөн бренддик продукциялар жана башка көптөгөн белектер.
"Айдоо Фест" — фермерлерди, механизаторлорду жана Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө салым кошкон бардык адамдарды бириктирген чоң майрам.

Улуттук банктын лицензиясы №048

Мындан тышкары окуңуз

Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты

Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты

2026-жылдын январь–сентябрь айларында “Кепилдик фонд” ААКсы ишкерлерге жалпы суммасы 3,8 млрд сомду түзгөн 1 523 кепилдик берип, 12,8 млрд сом кредиттик каражат тартууга көмөктөштү. Бул тууралуу фонддун маалыматында айтылат. Билдирүүгө караганда, берилген кепилдиктердин 76%ы же 1 156сы Кыргызстандын аймактарындагы ишкерлерге туура келген. Ал эми аймактарга

Ишкер Media
Бишкектин айрым аймактарында 15-октябрда суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 15-октябрда суу өчүрүлөт

15-октябрда саат 10:00дөн 20:00гө чейин айрым аймактарда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Суу өчүрүү төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта болот: Балтагулов - Юдахин - Алтымышев - Бакаев - Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнүн батыш тарабы. Маалыматка ылайык, диаметри 300 мм болгон суу түтүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Суу

Ишкер Media
Бишкектеги №91 мектептин жаңы корпусунун курулушу аяктады

Бишкектеги №91 мектептин жаңы корпусунун курулушу аяктады

Курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын март айында башталган Бишкек шаарынынясно Кара-Жыгач конушундагы №91 мектептин 750 орундуу жаңы корпусунун курулушуу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу КРнын Курулуш министрлигинен кабарлашты. Жалпы аянты 8 234 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу имаратта окуу класстары, лабораториялык, компьютердик, эмгек жана музыка кабинеттер, медициналык кабинет, китепкана, ашкана,

Ишкер Media
Үч алмашуу бюросунун лицензиясы токтотулду

Үч алмашуу бюросунун лицензиясы токтотулду

Мыйзам бузган алмашуу бюролоруна чара көрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Улуттук банктын актыларын бузган. Убактылуу лицензиясы токтотулган бюролор: 10-октябрдан 24-октябрга чейин: • "БТК Групп" ЖЧК - Бишкек, Шопоков 91, L-54 кеңсе. Лицензия №7127 (30.09.2025) • "Ийгилик Али&

Ишкер Media