Казакстандан алып келинген 56 тонна пияз Кыргызстан аймагына киргизилген жок
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаментинин Чүй–Бишкек башкармалыгы Ак-Тилек – автожол өткөрүү пунктунда карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүү учурунда Казакстандан импорттолгон 56 тонна пияздын фитосанитардык сертификатындагы маалыматтарда дал келбестик бар экенин аныктады.
Текшерүүнүн жүрүшүндө фитосанитардык сертификатта көрсөтүлгөн маалыматтар транспорттук (товар коштоочу) документтердеги маалыматтарга туура келбегени белгилүү болду.
Евразия экономикалык союзунун бажы аймагында карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө жобонун 3.7-пунктуна ылайык (Бажы союзу комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы №318 чечими менен бекитилген), бул товар партиясын Кыргызстандын аймагына киргизүүгө уруксат берилген жок жана жүк жөнөтүүчү тарапка кайра кайтарылды.
Министрлик айыл чарба продукцияларын импорттоодо фитосанитардык талаптарды так сактоо зарылдыгын эскертти.