Кепилдик фонд автоунаа жана ипотека боюнча 30% баштапкы взносту жаба алат

Кепилдик фонд автоунаа жана ипотека боюнча 30% баштапкы взносту жаба алат

Кепилдик фонд жарандарга ипотекалык жана автокредиттер боюнча баштапкы төлөм жетишпеген учурда кепилдик берерин фонд башкармалыгынын төрагасы Малик Абакиров радио эфиринде билдирди.

Анын айтымында, буга чейин фонд негизинен ишкерлер менен иштечү, бирок кийинчерээк турак жай сатып алган жарандарды да колдоо жөнүндө чечим кабыл алынган.

Абакиров белгилегендей, ипотекалык насыя алууда банктар адатта 30% өлчөмүндө баштапкы төлөмдү талап кылышат. Мындай учурларда Кепилдик фонд ушул сумманын кепили катары чыга алат.

"Жаран алгач ипотекалык насыя алуу үчүн банкка кайрылат. Эгер банк насыяны жактырса, бирок баштапкы төлөм талап кылынса, анда Кепилдик фонддон кепилдик алууга болот. Биз бардык банктар менен келишим түзгөнбүз", — деди ал.

Анын айтымында, кепилдикти тариздөө банктын арызды кароосу менен бир учурда жүргүзүлөт жана кошумча документтерди чогултуу талап кылынбайт.

Фонддун жетекчиси бул программа мамлекеттик ипотекалык программага гана эмес, ошондой эле коммерциялык банктар берген ипотекалык насыяларга да тиешелүү экенин айтты.
Мындан тышкары, фонд ата мекендик өндүрүштөгү автоунааларды сатып алууда да кепилдик берет. Абакировдун айтымында, автокредит берүүдө банктар адатта 30% баштапкы төлөмдү талап кылышат, бул сумма да фонддун кепилдиги менен жабылышы мүмкүн.

Анын маалыматы боюнча, 2025-жылы бул программанын алкагында 158 адам автоунаа сатып алган. Ал эми быйыл жылдын алгачкы эки айында эле 60тан ашык жаран автоунаага ээ болгон.

Ошондой эле лизингдик операциялар үчүн кепилдик берүү программасын ишке киргизүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Малик Абакировдун айтымында, банктар менен айрым маселелер макулдашылгандан кийин бул программа ишке киргизилиши мүмкүн.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда жылына 1500 тонна алюминий куймасын чыгара турган завод ишке кирди

Кыргызстанда жылына 1500 тонна алюминий куймасын чыгара турган завод ишке кирди

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров "Стилекс" ЖЧКсынын алюминий профилдерин жана куйма продукциясын чыгаруучу жаңы заводунда болду. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Иш сапар инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнүн алкагында өттү. Сабиров ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу, инвестициялык долбоордун жүрүшү жана заводдун инфраструктурасы менен таанышты. Маалыматка ылайык,

ЕАЭБде LED лампаларын импорттоого 5% бажы алымын кайра киргизүү сунушталды

ЕАЭБде LED лампаларын импорттоого 5% бажы алымын кайра киргизүү сунушталды

Евразия экономикалык комиссиясында ЕАЭБ аймагына LED экрандар жана башка жарык диоддуу лампаларды импорттоодо бажы алымын киргизүү боюнча долбоор каралып жатат. Маалыматка ылайык, импорттук бажы алымы ставкасын киргизүү сунушу Кыргызстан тарабынан сунушталган. Учурда Евразия экономикалык комиссиясынын чечим долбоору 2026-жылдын 23-мартына чейин коомдук талкууда турат. Документке ылайык, ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифи боюнча

Апрель айында бардык мугалимдердин маянасы 100% жогорулайбы?

Апрель айында бардык мугалимдердин маянасы 100% жогорулайбы?

Кыргызстан боюнча мектеп мугалимдери 2026-жылдын апрелинде  STEM багытындагы сабактарды жана англис тилин окуткан мугалимдерге гана көбөйүшү мүмкүн деген маалыматты Агартуу министрлиги четке какканын Kaktus.media жазды. Министрликтин маалыматы боюнча, Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык 2026-жылдын 1-апрелинен тартып билим берүү тармагындагы кызматкерлердин айлыгы азыркы деңгээлге салыштырмалуу 100% көбөйөт. Белгиленгендей, айлык акы бардык

Бишкекте №55 мектепке 1200 орундуу окуу корпусу курулуп жатат

Бишкекте №55 мектепке 1200 орундуу окуу корпусу курулуп жатат

Бишкек шаарында №55 мектепке кошумча 1200 орундуу жаңы окуу корпусу курулуп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, министр Нурдан Орунтаев тиешелүү департаменттин жетекчилери менен борбор калаада курулуп жаткан 20 мектептин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, аларды жеке көзөмөлүнө алууда. Курулуп жаткан объект борбор