Кыргызстан менен Грузия соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашты

Кыргызстан менен Грузия соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашты

Тбилиси шаарында Кыргызстандын Грузиядагы элчиси Максат Мамытканов мамлекеттик органдардын жетекчилери жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, элчи Грузиянын башкы прокурору Георгий Гваракидзе, юстиция министри Паата Салия жана ички иштер министри Гела Геладзе менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдарынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, укуктук тармактагы өз ара аракеттенүү, трансулуттук кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.

Ошондой эле элчи Грузиянын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугуп, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн карады.

Мындан тышкары окуңуз

Жогорку Кеңеш акыркы беш жылда 65 тонна кагаз колдонду

Жогорку Кеңеш акыркы беш жылда 65 тонна кагаз колдонду

Бүгүн Садыр Жапаров парламенттин жыйынында Жогорку Кеңеш акыркы беш жылда 65 тонна А4 кагазын колдонгонун билдирди. Президент депутаттарды санариптештирүүнү тездетип, "электрондук парламентке" өтүүнү сунуштап, бул аркылуу бюджет чыгымдарын азайтып, импортко көз карандылыкты азайтууга чакырды. Анын айтымында, кагазды сатып алуу көлөмү жыл сайын өзгөрүп турат, бирок дагы деле сатып

Ош мэри Улуу Британия менен жаңы инфраструктуралык долбоорду талкуулады

Ош мэри Улуу Британия менен жаңы инфраструктуралык долбоорду талкуулады

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Николас Боулер менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, билим берүү, спорт, шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү маселелери талкууланды. Калаа башчысы Улуу Британиянын экспорттук-финансы агенттиги UKEF (UK Export Finance) менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты

Январь айында кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 11,4%га өстү

Январь айында кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 11,4%га өстү

2026-жылдын январында Кыргызстанда кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 2025-жылдын январына салыштырмалуу 11,4% өскөнүн расмий статистика көрсөтүүдө. * Билим берүү тармагында баалар эң көп өстү — 23%. * Турак жайларды тейлөө жана ремонттук кызматтардын тарифтери 22,8% көтөрүлдү. * Маданий иш-чараларды уюштуруу кызматы — 14,5%, чач тарач кызматтары — 13%, бут кийимди оңдоо кызматтары — 10,6%га

Бишкекте батирлердин баасы төмөндөдү

Бишкекте батирлердин баасы төмөндөдү

2026-жылдын февраль айынын жыйынтыгы боюнча Бишкектеги батирлердин бир чарчы метринин орточо баасы 95 458 сомду түзгөнүн Мамлекеттик жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография агенттиги билдирди. Февраль айында борбор калаада бир чарчы метр баасы 12 285 сомго төмөндөп, пайыздык эсеп менен -11,4% болду. Жылдык салыштырмалуу көрсөткүч боюнча, бир чарчы метрдин