Жогорку Кеңеш акыркы беш жылда 65 тонна кагаз колдонду

Жогорку Кеңеш акыркы беш жылда 65 тонна кагаз колдонду

Бүгүн Садыр Жапаров парламенттин жыйынында Жогорку Кеңеш акыркы беш жылда 65 тонна А4 кагазын колдонгонун билдирди.

Президент депутаттарды санариптештирүүнү тездетип, "электрондук парламентке" өтүүнү сунуштап, бул аркылуу бюджет чыгымдарын азайтып, импортко көз карандылыкты азайтууга чакырды.

Анын айтымында, кагазды сатып алуу көлөмү жыл сайын өзгөрүп турат, бирок дагы деле сатып алуу мурдагыдай эле көп өлчөмдө болууда.

  • 2021-жыл — 9 тонна
  • 2022-жыл — 13 тонна
  • 2023-жыл — 9 тонна
  • 2024-жыл — 18 тонна
  • 2025-жыл — 10 тонна
  • 2026-жылга карата — 9 тонна

Жапаров Кыргызстанда бул продукция өндүрүлбөй турганын баса белгиледи.

"Акыркы беш жылда 65 тонна кагаз колдондук. Бул А4 форматындагы кагаз гана, башка чыгымдарды эсепке албайбыз. Бул кагаздардын баарын тыштан, импорт аркылуу алабыз. Биз импортко көз карандылыктан кутулушубуз керек", — деди Садыр Жапаров.

Мындан тышкары окуңуз

2027-жылдын 1-февралына чейин Кыргызстанда алманын импортуна тыюу салуу сунушталды

2027-жылдын 1-февралына чейин Кыргызстанда алманын импортуна тыюу салуу сунушталды

Кыргызстанда ата мекендик багбанчылык чарбаларын колдоо максатында алманы импорттоого убактылуу тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Долбоорго ылайык, үчүнчү өлкөлөрдөн жана ЕЭБ мүчө мамлекеттерден Кыргызстанга алма алып келүүгө 2027-жылдын 1-февралына чейин чектөө киргизүү каралган. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө мөмө берүүчү алма бактарынын аянты

Ишкер Media
Караколдо бетон заводун куруу боюнча конкурс жарыяланды

Караколдо бетон заводун куруу боюнча конкурс жарыяланды

Каракол шаарынын мэриясы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында товардык бетон жана темир-бетон буюмдарын өндүрүүчү заманбап завод куруу долбоору боюнча конкурска катышууга чакырат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Долбоордун максаты – шаардагы курулуш жана инфраструктуралык долбоорлорду, анын ичинде жаңы пляжды куруу жана инфраструктураны жаңылоо иштерин курулуш материалдары менен камсыз кылуу.

Ишкер Media
Кант–АБЗ жолунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилет

Кант–АБЗ жолунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилет

Кант-АБЗ унаа жолунун 10,2-чакырымынан 11-чакырымына чейинки тилкесинде ресайклинг технологиясы менен асфальт басуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, 10-октябрдан 17-октябрга чейин аталган тилкеде оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Чектөө жол куруу иштерин сапаттуу жүргүзүү жана жаңы төшөлгөн

Ишкер Media
Баткенде 13 жетим балага жер тилкеси берилди

Баткенде 13 жетим балага жер тилкеси берилди

Баткен облусунун прокуратурасы жетим балдардын мүлктүк укуктарын коргоо боюнча текшерүү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында 13 тоголок жетим балага кезексиз жер тилкелери бөлүнүп берилип, тиешелүү укук тастыктоочу документтер тапшырылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, жер тилкелери турак жай куруу үчүн берилген. Прокуратура жергиликтүү бийлик органдарына прокурордук актыларды киргизип, жетим

Ишкер Media