Кыргызстанда жылына 1500 тонна алюминий куймасын чыгара турган завод ишке кирди
Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров "Стилекс" ЖЧКсынын алюминий профилдерин жана куйма продукциясын чыгаруучу жаңы заводунда болду. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.
Иш сапар инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнүн алкагында өттү. Сабиров ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу, инвестициялык долбоордун жүрүшү жана заводдун инфраструктурасы менен таанышты.
Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында жалпы аянты 10 800 чарчы метрди түзгөн заманбап өндүрүш комплекси курулган. Анын курамына куйма жана пресс цехтери, боёо линиясы, чийки зат жана даяр продукция кампалары, сапатты көзөмөлдөө лабораториясы, административдик корпус жана логистикалык аянтчалар кирет.
Завод жылына 1 400–1 500 тонна алюминий куймасын жана 1 000–1 300 тонна алюминий продукциясын чыгарууга мүмкүнчүлүк берет. Долбоордун биринчи этабын ишке ашырууга болжол менен 15 млн АКШ доллары инвестиция тартылган.
Долбоорду ишке ашырууда мамлекет тарабынан да колдоо көрсөтүлгөн. Инвестициялар боюнча улуттук агенттик өндүрүштүк жабдууларды импорттоодо бажы төлөмдөрү боюнча жеңилдиктерди берүү аркылуу инвестициялык долбоорду колдогон.
Равшанбек Сабиров мындай долбоорлор өлкөнүн өнөр жай потенциалын өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана заманбап индустриалдык базаны калыптандырууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Компания келечекте долбоордун экинчи этабын ишке ашырып, өндүрүш көлөмүн көбөйтүүнү жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү пландап жатат.


