Тигүү тармагындагы салыктык төлөмдөр төмөндөтүлдү

Тигүү тармагындагы салыктык төлөмдөр төмөндөтүлдү

Кыргызстанда тигүү тармагы үчүн кызматкерлердин милдеттүү төлөмдөрү төмөндөтүлгөнүн Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылы эле бул тармак үчүн бирдиктүү салыктын 0,25% өлчөмүндөгү ставкасы киргизилгенин белгиледи. Бул өндүрүш тармагы үчүн эң төмөнкү ставка болуп эсептелет.

"0,25 пайыз - бул өндүрүш үчүн эң төмөнкү чен. Башка өндүрүштөрдө, мисалы, накталай эсептешүүдө - 4%, накталай эмес эсептешүүдө - 2%. Ал эми бул жерде 0,25% башкача айтканда, 10 эсе төмөн чен", — деди ал.
Ошондой эле Кубанычбек Ысабеков чакан бизнестин айрым өкүлдөрү үчүн патент менен иштөө мүмкүнчүлүгү калганын билдирди. Мисалы, чакан тигүү цехтери үчүн 10 тигүү машинасына 2 миң сом, дагы 10 машинага 1 миң сом төлөнөт. Ошол эле учурда ар бир патент боюнча жүгүртүү 8 млн сомдон ашпоого тийиш.

Ал тармактагы негизги салыктык маселе бирдиктүү салыктын ставкасына эмес, кызматкерлер үчүн төлөнүүчү төлөмдөргө — киреше салыгы жана камсыздандыруу төгүмдөрүнө байланыштуу болгонун түшүндүрдү. Мурда бул сумма кызматкерлердин категориясына жараша 5,5 миң сомдон 9,5 миң сомго чейин жеткен.

"Бул өтө көп деген сунуш түшкөндөн кийин, биз бардык категорияларды бириктирип, төлөмдү 2,5 миң сомго чейин төмөндөттүк. Натыйжада төлөмдөр 3-4 эсе азайды. Андан кийин тармак өкүлдөрү ачык иштеп, кызматкерлерди расмий көрсөтүүгө даяр экенин билдиришти", — деди Кубанычбек Ысабеков.

Ал тигүү тармагы өлкө үчүн социалдык жактан маанилүү экенин баса белгиледи, анткени бул тармакта миңдеген адамдар иштейт. Ушуга байланыштуу мамлекет бизнестин мыйзамдуу жана туруктуу иштеши үчүн шарттарды түзүүгө кызыкдар.

Мындан тышкары окуңуз

Караколдо 14 млн сомдон ашык мамлекеттик карыз өндүрүлдү

Караколдо 14 млн сомдон ашык мамлекеттик карыз өндүрүлдү

Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматынын Каракол шаардык бөлүмүндө мамлекеттик насыя боюнча карызды өндүрүү тууралуу аткаруу өндүрүшү жүргүзүлгөн. ЖЧКсы компаниясынын негиздөөчүсү ишкер О.М.Ж.  карызкор катары көрсөтүлгөн. Аткаруу баракчасы Ак-Суу райондук сотунун 2025-жылдын 26-июнундагы чечиминин негизинде келип түшкөн. Чечимге ылайык, карызкордон 14 млн 270 миң сом Ысык-Көл облусун өнүктүрүү

Токмок шаарынын экс-мэри М.Нусувалиев жана мэрия кызматкерлер үй камагына чыгарылды

Токмок шаарынын экс-мэри М.Нусувалиев жана мэрия кызматкерлер үй камагына чыгарылды

Бишкек шаардык соту 10-мартта Токмок шаарынын мурдагы мэри Максат Нусувалиевге, мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы жетекчисине (Т.у.А.), техникалык көзөмөл боюнча мурдагы адиске (А.А.Э.) жана “Аль-Кадыр-Сантехсервис” ишканасынын башчысына (К.Т.Э.) чыккан райондук соттун өкүмүн жокко чыгарып, ишти райондук сотко кайра кароого жөнөттү. Алардын баары теӊ камактан

Кыргызстанда ДНК-лабораториялары бар соттук-медициналык экспертиза борбору курулат

Кыргызстанда ДНК-лабораториялары бар соттук-медициналык экспертиза борбору курулат

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы Республикалык соттук‑медициналык экспертиза борборуна барды МинКаб басма сөз кызматы билдирди. Ал мекеменин кызматкерлеринин иш шарттары, лабораторияларынын абалы жана инфраструктурасы менен таанышты. Касымалиевдин айтымында, имарат моралдык жана техникалык жактан эскирген, көп жылдан бери капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн эмес жана учурда канааттандырарлык эмес абалда турат.

Кыргызстанда ижарага батир бергендерге көзөмөл күчөтүлөт

Кыргызстанда ижарага батир бергендерге көзөмөл күчөтүлөт

Кыргызстанда ижарага берилген батирлер боюнча салыктык көзөмөлдү күчөтүү механизмдери иштелип жатканын 10-мартта  Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков радио эфиринде билдирди. Анын айтымында, батирди ижарага берүү салык салынуучу ишмердүүлүк болуп эсептелет. Бирок практикада мындай учурларды аныктоо кыйын. Салык кызматында бул рынок сегментин администрациялоо боюнча жаңы ыкмалар да каралып