Бажылык тариздөө мыйзамдарын бузган эки компания мамлекетке 5,7 млн сом төктү

Бажылык тариздөө мыйзамдарын бузган эки компания мамлекетке 5,7 млн сом төктү

Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгы товарларды бажылык тариздөөсүз мыйзамсыз пайдалануу фактыларын аныктады.

Нарын шаарында убактылуу сактоого коюлган 18 тонналык майдалагыч жабдуу тиешелүү төлөмдөрү төлөнө электе эле ишкана тарабынан орнотулуп, пайдаланылып жаткандыгы белгилүү болгон.

Ошондой эле "Ч.Ю." жана "Д.Д." компаниялары жооптуу сактоодо турган жалпы салмагы 100 тоннадан ашык курулуш материалдарын бажылык тариздөөдөн өткөрбөй туруп, курулуш иштерине иштетип жиберишкен.

Натыйжада Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодексинин талаптарын бузгандыгы үчүн аталган компанияларга бажы алымдарын жана салыктарын төлөө милдети жүктөлгөн. Көрүлгөн чаралардын негизинде мамлекеттик бюджеттин кирешесине 5 млн 705 миң 550 сом өндүрүлдү.

Учурда топтолгон материалдар Башкы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Өзбекстан эмгек миграциясы боюнча кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан менен Өзбекстан эмгек миграциясы боюнча кызматташтыкты кеңейтет

Бүгүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Сагынбаев Кыргыз Республикасындагы Өзбекстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саидикрам Ниязходжаев менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушууда тараптар эмгек миграциясы жана социалдык маселелер боюнча кыргыз-өзбек кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Анын ичинде калкты жумуш менен камсыз кылуу, социалдык коргоо

Дыйкандарга арпа, буудай жана кант кызылчасын көбүрөөк эгүү сунушталды

Дыйкандарга арпа, буудай жана кант кызылчасын көбүрөөк эгүү сунушталды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идирисов дыйкандарга арпа, буудай, картошка, пияз жана кант кызылчасы сыяктуу социалдык маанилүү айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө өзгөчө көңүл бурууну сунуштады. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Анын айтымында, дан эгиндери жана кант кызылчасы өлкөнүн

Күрөөнүн баасын атайылап төмөндөтүү алдамчылык – Г.Кожогулова

Күрөөнүн баасын атайылап төмөндөтүү алдамчылык – Г.Кожогулова

Депутат Гуля Кожокулова парламент жыйынында насыя боюнча күрөөнүн суммасын атайылап төмөн баалоону банктардын тузагы деп атады. Анын айтымында, күрөө мүлкү рыноктогу чыныгы баасына ылайык бааланбайт. "Жарандар катуу шарттарга туш болуп, насыяларын белгиленген мөөнөттө төлөй албай калышат. Канча тагдыр талкаланды, канча адам өз жанын кыйды! Коммерциялык банктардын жоопкерчилигин да караш

Россияда ири маркетплейстер текшерилип жатат

Россияда ири маркетплейстер текшерилип жатат

Өткөн жылдын аягынан бери Россиянын Эмгек жана иш менен камсыз кылуу боюнча федералдык кызматы  Wildberries, Ozon жана Яндекс Маркет сыяктуу ири маркетплейстерге масштабдуу текшерүүлөрдү жүргүзүп жатат. Тийиштүү тапшырманы 2025-жылдын 10-декабрында Россиянын вице-премьери Татьяна Голикова берген. Бул документ менен "Коммерсантъ" басылмасы таанышкан, ал эми анын чын экенин жогоруда аталган