Россияда ири маркетплейстер текшерилип жатат

Россияда ири маркетплейстер текшерилип жатат

Өткөн жылдын аягынан бери Россиянын Эмгек жана иш менен камсыз кылуу боюнча федералдык кызматы  Wildberries, Ozon жана Яндекс Маркет сыяктуу ири маркетплейстерге масштабдуу текшерүүлөрдү жүргүзүп жатат. Тийиштүү тапшырманы 2025-жылдын 10-декабрында Россиянын вице-премьери Татьяна Голикова берген. Бул документ менен "Коммерсантъ" басылмасы таанышкан, ал эми анын чын экенин жогоруда аталган кызмат да тастыктаган.

15-декабрдан 17-февралга чейин инспекторлор компаниялардын кампаларына профилактикалык текшерүү жүргүзүшкөн. Максаты — иш жүзүндө жалданып иштеген, бирок эмгек келишими менен расмий катталбаган кызматкерлерди аныктоо болгон. Текшерүүнүн жыйынтыктары 2-мартка чейин өкмөткө берилүүгө тийиш эле.

Ошол эле учурда Россиянын Эмгек жана иш менен камсыз кылуу боюнча федералдык кызматы мындай иш-чаралар пландуу профилактикалык текшерүүлөр экенин жана алар дайыма өткөрүлүп турарын билдирген. Маркетплейстер да өз кезегинде регулятор менен иш алып барып жатканын белгилешкен.

Эксперттердин айтымында:

  • кеңсе кызматкерлеринин көбү эмгек келишими менен иштешет;
  • буйрутма берүү пункттарынын кызматкерлери адатта өнөктөштөр аркылуу ишке алынат;
  • кампа кызматкерлери көп учурда жарандык-укуктук келишимдер менен, иштин көлөмүнө жараша төлөнгөн акы аркылуу иштешет.

Дал ушул акыркы категориядагы кызматкерлер көзөмөл органдарынын өзгөчө көңүл борборунда турат.

Мындан тышкары, Россиянын салык кызматы да текшерүүлөрдү күчөттү. Алар өз алдынча иштегендерге төлөм уюштурган сервистерди, ошондой эле буйрутма берүү пункттарын текшерип жатышат. Себеби айрым пункттардын ээлери социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүн жана жеке киреше салыгын  төлөөдөн качып жатат деген шек бар.

Салык кызматы ошондой эле пункттардагы кызматкерлердин саны алардын иш өзгөчөлүгүнө туура келеби же жокпу деген маселени талдап жатат. Адистердин баамында, мындай пункттардын иши үчүн күнүнө 12 сааттан иштеген кеминде эки туруктуу кызматкер керек.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media