Быйыл 1 825 адам "Социалдык келишим" программасына катышууга арыз жолдоду
11-мартка карата республика боюнча "Социалдык келишим" программасына катышуу үчүн 1 825 арыз келип түшкөнүн Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда 607 үй-бүлө менен социалдык келишим түзүлгөн, мында долбоорлордун эң көп саны айыл чарба тармагында (341 келишим) ишке ашырылууда.
Министрликте белгилешкендей, 2026-жылы республика боюнча 13 333 аз камсыз болгон жана муктаж үй-бүлө "Социалдык келишим" программасынын алкагында 150 миң сомдон ала алышат.
Ведомстводо эске салышкандай, аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган "Социалдык келишим" программасы 2022-жылдан тартып президенттин демилгеси менен ишке ашырылып келет.
Долбоор ишке ашырылган төрт жылдын ичинде 48 557 үй-бүлө менен социалдык келишим түзүлүп, алар өздөрүнүн бизнес-демилгелерин ишке ашырып жатышат. Долбоорлордун басымдуу бөлүгү айыл чарба тармагына туура келет — 73,3%, өндүрүш тармагында — 13,8%, соодада — 6,7%, ал эми кызмат көрсөтүү тармагында — 6,2%.
Башында социалдык келишим боюнча жардамдын көлөмү 100 миң сомду түзгөн, бирок 2025-жылдан тартып ал 150 миң сомго чейин көбөйтүлгөн.
Социалдык келишимди алгачкылардан болуп алган үй-бүлөлөрдүн ичинен 14ү жылдык кирешесин 1 млн сомдон жогору деңгээлге жеткирген.
Белгиленгендей, долбоорго катышкандардын 94,2%ын аялдар түзөт, алардын көбү айыл жергесинде жашашат. Программаны ишке ашыруунун натыйжасында 57 миңден ашык кошумча жумуш орду түзүлгөн.