Ысык-Көл облусунда таштандыдан электр энергиясын ала турган заводдор курулат

Ысык-Көл облусунда таштандыдан электр энергиясын ала турган заводдор курулат

Ысык-Көл облусунда желим баштыктарга чектөө киргизүү, аларды жок кылуу жана таштанды полигондорундагы абал тууралуу "Эко Деми" фондунун президенти Айжан Чыныбаева "Биринчи радионун" түз эфиринде айтып берди.

Чыныбаева желим баштыктарды колдонууну чектөө зарыл экенин, бирок аны ишке ашыруу татаалдыгын белгилейт. Ошондой эле ал желим баштыктардын зыянын эске салып, тилекке каршы, микропластик адамдын организминен да табылып жатканын белгиледи. Анын байкоосунда, Ысык-Көлдө азыр желим баштыктар мурдагыдай кеңири колдонулбай калды.

Анын айтымында, быйыл жыл аягына чейин Ысык-Көл облусунда эки завод курулат. Алар желим баштыктарды полигондорго топтобой, өрттөп жок кылууга багытталат.

"Мурда облус аймагында 88 расмий полигон жана таштанды жайлары болсо, азыр алардын саны 10го чейин кыскартылды. Эми таштандылар жер кыртышын булгап жылдап жатпастан, ушул 10 пунктка чогултулуп, андан кийин көлдүн түндүк жана түштүк жээгиндеги таштанды өрттөөчү заводдорго ташылат", – деп түшүндүрдү ал.

Айжан Чыныбаева таштандыны өрттөө аркылуу электр энергиясын алуу натыйжалуу экенин кошумчалады. 

"Желим баштыктарды таштандыдан арылтуу үчүн жууп-тазалоодо биз сууну өтө көп коротобуз. Андыктан, баштыктарды өрттөп, андан электр энергиясын алуу алда канча натыйжалуу. Бул – таштандыны азайтуунун жана экологиялык чакырыктарга жооп берүүнүн жалгыз жолу", – деп жыйынтыктады ал.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media
Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

9-октябрда экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов Монголиянын Кыргызстандагы Элчиси Дэмчигийн Тэгшжаргал менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык, өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүү, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлор талкууланды. Ошондой эле ишкерлер ортосундагы байланышты

Ишкер Media