Чүйдө аңчылык эрежесин бузгандарга 25 миң сом айып салынды
Чүй облусунда рейд учурунда аңчылык эрежесин бузуу аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, текшерүүдө төмөнкүлөр катталган: уруксат кагазында көрсөтүлгөн аймактан тышкары аңчылык кылган;аңчылык итке күбөлүк болгон эмес;караңгыда аңчылык жүргүзүлгөн.
Мыйзам бузуулар боюнча 2 протокол түзүлүп, жалпы 25 000 сом айып салынды.