Дүйнө чемпионатында Мээрим Жуманазарова күмүш медалга ээ болду
Астанада өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова күмүш медалга ээ болду. 68 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Жуманазарова чечүүчү финалдык кармашта кытайлык спортчу Жиа Лонгго 3:4 эсебинде жеңилип, мелдеште экинчи орунду камсыздады.
Кыргыз балбаны финалга чейинки таймаштарда Индия, АКШ жана Монголиянын өкүлдөрүн жеңип чыккан.
26 жаштагы Мээрим Жуманазарова Азиянын эки жолку чемпиону 2026-жылы. Ал ошондой эле Азия чемпионатынын бир жолку күмүш (2022-жылы), эки жолку коло байгесинин ээси (2018-жылы, 2019-жылы.). 2021-жылдагы Дүйнө чемпиону. Жайкы Олимп Оюндарынын күмүш (Париж-2024) жана коло (Токио-2021) байгелеринин ээси.
Жаштар арасында Азиянын үч жолку чемпиону.
23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиону. Кадеттер (2016-жылы) жана жаштар арасында (2017-жылы) Дүйнө чемпионатынын коло байгелерин алган. Бир нече эл аралык рейтингдик мелдештердин жеңүүчүсү.
Астана шаарында 24-октябрда башталган чоңдор арасында спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 1-ноябрга чейин уланат.