Кыргызстанда 34 айылды бийик тоолуу аймактар тизмесинен чыгаруу сунушталды

Кыргызстанда 34 айылды бийик тоолуу аймактар тизмесинен чыгаруу сунушталды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев буга чейин бийик тоолуу аймактарга кирген айылдарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн Өткөөл мезгил жөнүндө убактылуу жобо бекитүү тууралуу токтомго кол койду.

Документтин нускамасында Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 23-октябрындагы № 692 токтому менен бийик тоолуу зоналарда жайгашкан айылдардын тизмеси бекитилгени белгиленген. Ага ылайык, кыргыз өкмөтүнүн 1997-жылдагы № 377 токтому менен бекитилген айылдардын тизмесинен 34 айыл чыгарылган.

"Бийик тоолу критерийлерге жооп бербеген 34 калктуу конушта жашаган жана иштеген адамдар 1997-жылдан бери социалдык жөлөкпулдарга жана эмгек акыга белгиленген коэффициенттердин өлчөмүндө кошумча акы алып келишкен" деп айтылат нускамада.

Министрлер кабинети калктын жашоо деңгээлинин кескин төмөндөшүнө жол бербөө жана социалдык адилеттүүлүк принциптерин сактоо максатында өткөөл мезгил сунуштоодо. Убактылуу жобо күчүндө кезинде аталган айылдарда туруктуу жашаган жана иштеген жарандар кошумча акы жана коэффициент алуу укугун сактап калат.

"Бийик тоолуу зоналарда жайгашкан калктуу конуштардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомунун былтыр май айында сунушталган долбоорунда тоолуу, шарты катаал деп саналган аймактан 61 айылды чыгаруу сунушталган. Долбоор Жогорку Кеңеште катуу талкуу жаратып, өкмөттөн тизмени дагы бир сыйра тактоо талап кылынган.

Кыргызстанда бийик тоолуу, шарты катаал аймактарда жашагандарга бир катар жеңилдиктер каралган.

Өлкөдө айрым айылдар бийик тоолуу аймактардын тизмесине кирбей калганына байланыштуу жана бул тизмеден чыгарууга аракет жасалып жатканынан улам нааразылык дагы айтылып келген.

Бийик тоолуу аймактарга деңиз деңгээлинен 1800 метрден жогоруда жайгашкан айылдар кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Өзбекстан эмгек миграциясы боюнча кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан менен Өзбекстан эмгек миграциясы боюнча кызматташтыкты кеңейтет

Бүгүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Сагынбаев Кыргыз Республикасындагы Өзбекстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саидикрам Ниязходжаев менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушууда тараптар эмгек миграциясы жана социалдык маселелер боюнча кыргыз-өзбек кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Анын ичинде калкты жумуш менен камсыз кылуу, социалдык коргоо

Дыйкандарга арпа, буудай жана кант кызылчасын көбүрөөк эгүү сунушталды

Дыйкандарга арпа, буудай жана кант кызылчасын көбүрөөк эгүү сунушталды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идирисов дыйкандарга арпа, буудай, картошка, пияз жана кант кызылчасы сыяктуу социалдык маанилүү айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө өзгөчө көңүл бурууну сунуштады. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Анын айтымында, дан эгиндери жана кант кызылчасы өлкөнүн

Күрөөнүн баасын атайылап төмөндөтүү алдамчылык – Г.Кожогулова

Күрөөнүн баасын атайылап төмөндөтүү алдамчылык – Г.Кожогулова

Депутат Гуля Кожокулова парламент жыйынында насыя боюнча күрөөнүн суммасын атайылап төмөн баалоону банктардын тузагы деп атады. Анын айтымында, күрөө мүлкү рыноктогу чыныгы баасына ылайык бааланбайт. "Жарандар катуу шарттарга туш болуп, насыяларын белгиленген мөөнөттө төлөй албай калышат. Канча тагдыр талкаланды, канча адам өз жанын кыйды! Коммерциялык банктардын жоопкерчилигин да караш

Бажылык тариздөө мыйзамдарын бузган эки компания мамлекетке 5,7 млн сом төктү

Бажылык тариздөө мыйзамдарын бузган эки компания мамлекетке 5,7 млн сом төктү

Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгы товарларды бажылык тариздөөсүз мыйзамсыз пайдалануу фактыларын аныктады. Нарын шаарында убактылуу сактоого коюлган 18 тонналык майдалагыч жабдуу тиешелүү төлөмдөрү төлөнө электе эле ишкана тарабынан орнотулуп, пайдаланылып жаткандыгы белгилүү болгон. Ошондой эле "Ч.Ю." жана "Д.Д." компаниялары жооптуу сактоодо