Россияда ири маркетплейстер текшерилип жатат
Өткөн жылдын аягынан бери Россиянын Эмгек жана иш менен камсыз кылуу боюнча федералдык кызматы Wildberries, Ozon жана Яндекс Маркет сыяктуу ири маркетплейстерге масштабдуу текшерүүлөрдү жүргүзүп жатат. Тийиштүү тапшырманы 2025-жылдын 10-декабрында Россиянын вице-премьери Татьяна Голикова берген. Бул документ менен "Коммерсантъ" басылмасы таанышкан, ал эми анын чын экенин жогоруда аталган кызмат да тастыктаган.
15-декабрдан 17-февралга чейин инспекторлор компаниялардын кампаларына профилактикалык текшерүү жүргүзүшкөн. Максаты — иш жүзүндө жалданып иштеген, бирок эмгек келишими менен расмий катталбаган кызматкерлерди аныктоо болгон. Текшерүүнүн жыйынтыктары 2-мартка чейин өкмөткө берилүүгө тийиш эле.
Ошол эле учурда Россиянын Эмгек жана иш менен камсыз кылуу боюнча федералдык кызматы мындай иш-чаралар пландуу профилактикалык текшерүүлөр экенин жана алар дайыма өткөрүлүп турарын билдирген. Маркетплейстер да өз кезегинде регулятор менен иш алып барып жатканын белгилешкен.
Эксперттердин айтымында:
- кеңсе кызматкерлеринин көбү эмгек келишими менен иштешет;
- буйрутма берүү пункттарынын кызматкерлери адатта өнөктөштөр аркылуу ишке алынат;
- кампа кызматкерлери көп учурда жарандык-укуктук келишимдер менен, иштин көлөмүнө жараша төлөнгөн акы аркылуу иштешет.
Дал ушул акыркы категориядагы кызматкерлер көзөмөл органдарынын өзгөчө көңүл борборунда турат.
Мындан тышкары, Россиянын салык кызматы да текшерүүлөрдү күчөттү. Алар өз алдынча иштегендерге төлөм уюштурган сервистерди, ошондой эле буйрутма берүү пункттарын текшерип жатышат. Себеби айрым пункттардын ээлери социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүн жана жеке киреше салыгын төлөөдөн качып жатат деген шек бар.
Салык кызматы ошондой эле пункттардагы кызматкерлердин саны алардын иш өзгөчөлүгүнө туура келеби же жокпу деген маселени талдап жатат. Адистердин баамында, мындай пункттардын иши үчүн күнүнө 12 сааттан иштеген кеминде эки туруктуу кызматкер керек.