Ысык-Көл облусунда таштандыдан электр энергиясын ала турган заводдор курулат

Ысык-Көл облусунда таштандыдан электр энергиясын ала турган заводдор курулат

Ысык-Көл облусунда желим баштыктарга чектөө киргизүү, аларды жок кылуу жана таштанды полигондорундагы абал тууралуу "Эко Деми" фондунун президенти Айжан Чыныбаева "Биринчи радионун" түз эфиринде айтып берди.

Чыныбаева желим баштыктарды колдонууну чектөө зарыл экенин, бирок аны ишке ашыруу татаалдыгын белгилейт. Ошондой эле ал желим баштыктардын зыянын эске салып, тилекке каршы, микропластик адамдын организминен да табылып жатканын белгиледи. Анын байкоосунда, Ысык-Көлдө азыр желим баштыктар мурдагыдай кеңири колдонулбай калды.

Анын айтымында, быйыл жыл аягына чейин Ысык-Көл облусунда эки завод курулат. Алар желим баштыктарды полигондорго топтобой, өрттөп жок кылууга багытталат.

"Мурда облус аймагында 88 расмий полигон жана таштанды жайлары болсо, азыр алардын саны 10го чейин кыскартылды. Эми таштандылар жер кыртышын булгап жылдап жатпастан, ушул 10 пунктка чогултулуп, андан кийин көлдүн түндүк жана түштүк жээгиндеги таштанды өрттөөчү заводдорго ташылат",  деп түшүндүрдү ал.

Айжан Чыныбаева таштандыны өрттөө аркылуу электр энергиясын алуу натыйжалуу экенин кошумчалады. 

"Желим баштыктарды таштандыдан арылтуу үчүн жууп-тазалоодо биз сууну өтө көп коротобуз. Андыктан, баштыктарды өрттөп, андан электр энергиясын алуу алда канча натыйжалуу. Бул  таштандыны азайтуунун жана экологиялык чакырыктарга жооп берүүнүн жалгыз жолу",  деп жыйынтыктады ал.

Мындан тышкары окуңуз

Жогорку Кеңеш бир катар өлкөлөр менен визасыз режимди ратификациялады

Жогорку Кеңеш бир катар өлкөлөр менен визасыз режимди ратификациялады

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында дипломаттык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу тууралуу бир катар макулдашууларды ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорлору каралып, үч окууда кабыл алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынан билдиришти. Атап айтканда, Кыргыз Республикасы Бенилюкс мамлекеттери, Словения, Оман Султанаты жана Мисир Араб Республикасы менен түзүлгөн макулдашууларды ратификациялады. Бул келишимдер

"Дөөлөт курулуштун" объектилери Курулуш министрлигинин карамагына өткөрүлүүдө

"Дөөлөт курулуштун" объектилери Курулуш министрлигинин карамагына өткөрүлүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин биринчи орун басары Самат Джантелиев “Дөөлөт курулуш” ЖЧКсынын үлүш ээлеринин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Үлүш ээлеринин кайрылууларынан кийин компаниянын ишмердүүлүгү Президенттин көзөмөлүнө алынып, Курулуш министрлигине тиешелүү тапшырмалар берилген. Учурда “Дөөлөт курулуш” ЖЧКсынын жетекчилиги курулуш объектилерин бүткөрүү үчүн аларды

Жумуртка баасы эмне үчүн өсүүдө? Монополияга каршы кызмат жыйын өткөрдү

Жумуртка баасы эмне үчүн өсүүдө? Монополияга каршы кызмат жыйын өткөрдү

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы 9-мартта жана 11-мартта тоок жумурткасы рыногундагы кырдаалды турукташтыруу жана баалардын негизсиз өсүшүнө жол бербөө максатында жыйын өткөрдү. Жыйынга Канаттуулар өстүрүүчүлөр ассоциациясынын, "Умай Групп" ЖЧКсынын, "Азия Ритейл" ЖАКынын, "Борсок Инвест" ЖЧКсынын жана Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү катышты. Жолугушууда жумуртка жеткирүүлөрүнүн

1076,2 чарчы метр жер мамлекетке кайтарылды

1076,2 чарчы метр жер мамлекетке кайтарылды

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын аракети менен Чүй облусунун аймагында мыйзамсыз пайдаланылып келген 1076,2 чарчы метр жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Аталган жер тилкеси кызмат тарабынан аныкталган бузууларды четтетүү тууралуу жазма буйруктун негизинде мамлекетке кайтарылган. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен пайдаланылып жатканы аныкталган. Натыйжада