Жумуртка баасы эмне үчүн өсүүдө? Монополияга каршы кызмат жыйын өткөрдү

Жумуртка баасы эмне үчүн өсүүдө? Монополияга каршы кызмат жыйын өткөрдү

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы 9-мартта жана 11-мартта тоок жумурткасы рыногундагы кырдаалды турукташтыруу жана баалардын негизсиз өсүшүнө жол бербөө максатында жыйын өткөрдү.

Жыйынга Канаттуулар өстүрүүчүлөр ассоциациясынын, "Умай Групп" ЖЧКсынын, "Азия Ритейл" ЖАКынын, "Борсок Инвест" ЖЧКсынын жана Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда жумуртка жеткирүүлөрүнүн азайышы тоокторду жаңылоо жана пландуу эмдөө иштерине байланыштуу экени айтылды. Эмдөө мезгилинде тооктордун жумуртка берүү көрсөткүчү 30 күнгө чейин төмөндөйт, бул өндүрүш көлөмүнүн кыскарышына алып келет. Ошондой эле сезондук фактор да таасир этүүдө.

Баанын өсүшүнө тоюттун кымбатташы, логистикалык чыгымдардын көбөйүшү, таңгактоочу материалдардын кымбатташы жана ортомчулардын болушу негизги себеп болуп жатканы белгиленди.

Жыйындын жыйынтыгында Кызмат "Атаандаштык жөнүндө" мыйзамдын 18-1-беренесине ылайык Канаттуулар өстүрүүчүлөр ассоциациясына атаандаштыкты чектөөгө алып келиши мүмкүн болгон аракеттерге жол бербөө тууралуу эскертүү жөнөттү.

Ошондой эле ассоциацияга баа саясатын кайра карап чыгып, рынокто баа түзүүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу сунушталды. Жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалыматты Кызматка берүү тапшырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына жана онлайн форматта бир убакта өлкө боюнча 60 өнөр жай объектисин ишке киргизүү аземине катышты. Таластын Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишканасынын долбооруна 200 млн сом инвестиция салынган.

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылыш аземине катышты. Мемориалдык комплекс дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу, анын руханий мурасын сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү максатында түзүлгөн. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров “Айтматов

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясым- жарандарга муниципалдык мүлккө, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу укугуна байланыштуу укуктарды ижарачылардан сатып алууга болбой турганын, эскертти. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, мындай сатып алуу жер тилкесин мындан ары пайдаланууга же ижара келишимин узартууга кепилдик бербейт. Келишим бузулган же узартылбаган учурда, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан объектилер

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотула турганыдыгын маалымдады. Билдирүүгө караганда, суу берүүнү токтотуу - Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен