Чүй облусу менен Бишкектеги эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?
Экономика жана коммерция министрлигинин биринчи орун басары Чоро Сейитов Бишкек шаарында жана Чүй облусунда ишке ашырылып жаткан негизги инвестициялык долбоорлор тууралуу айтып берди. Анын айтымында, жаңы өндүрүштөрдүн ачылышы өлкөдө миңдеген жумуш орундарын түзүп, миллиарддаган инвестицияларды тартат.
Эң ири долбоорлордун бири — Resto компаниясы тарабынан электр энергиясын өндүрүүчү объекттерди куруу. Бул секторго салынган инвестициянын көлөмү 1,3 млрд долларды түзөт. Долбоор ишке ашса 200дөн ашык жумуш орду түзүлөт.
Чүй облусунун өнөр жай секторунда дагы бир нече ири долбоорлор бар:
- Aldos Textile текстиль комбинаты — курулуштун биринчи этабы башталды. Инвестиция көлөмү 20 млн долларга чейин, өндүрүш кубаттуулугу жылына 500 тонна продукция. Ишкана 500гө жакын адамды жумуш менен камсыздайт.
- "Азия Сталь" заводу — металлургиялык продукция өндүрүшүн ири модернизациялоо жүргүзүлүүдө. Инвестиция көлөмү 1 млрд сомдон ашат.
- Glass Center — айнек пакеттерин жана алюминий конструкцияларын өндүрүүчү ишкананы ишке киргизүү пландалууда.
- Nurislam Emerec — жылына 150 миң чарчы метр ЛДСП өндүрө турган мебель өндүрүшү. Инвестиция көлөмү 600 миң доллардын тегерегинде, 150 жумуш орду түзүлөт.
Ал эми борбор калаада маанилүү долбоорлордун бири — Промсклад KG компаниясы куруп жаткан заманбап соода-логистикалык борбор. Анын аянты 6 миң чарчы метр, долбоордун баасы 6 млн доллар. Бул объект ишке киргенден кийин Бишкек шаарынын тургундары үчүн 100гө жакын жаңы жумуш орду түзүлөт.