Экономика министрлиги Кытай компанияларын Кыргызстанда ишканаларды ачууга чакырды
Экономика жана коммерция министрлиги Кытай компанияларына өндүрүштөрүн Кыргызстанга ачууга чакырганын брифингде министрдин биринчи орун басары Чоро Сейитов билдирди.
Анын айтымында, жакында Кытай мамлекетине бир нече иш сапарлар уюштурулуп, анда кыргыз тарап жергиликтүү компанияларга өндүрүштөрүн Кыргызстан аймагына жайгаштырууну сунуштаган.
Ал белгилегендей, Кытайдан АКШга экспорттолгон айрым товарларга 10%дан 50%га чейин жана андан да жогору кошумча тарифтер киргизилген. Мындай шартта Кыргызстан өндүрүштөрдү жайгаштырууга ыңгайлуу аянтча болуп, бул жерде чыгарылган продукцияны мурда Кытайдан түз жеткирилген рынокторго экспорттоого мүмкүнчүлүк жаралат.
Сейитов ошондой эле 2026-жылы бийлик 100 ишкана ачуу долбоорун ишке ашырууну улантарын кошумчалады. Бул ишканалардын тизмеси буга чейин бекитилген жана алардын ачылышы жыл ичинде пландалып жатат.
Министрлик бир катар тармактарда өндүрүш көлөмүнүн өсүшүн күтүп жатат. Алардын катарына төмөнкүлөр кирет:
- курулуш материалдарын өндүрүү
- резина жана пластмасса буюмдарын чыгаруу
- фармацевтика
- химиялык продукция
- автоунаа куруу
- жеңил өнөр жай
Бул тармактар экспортко багытталган жана өнөр жайдагы терең кооперацияны өнүктүрүүгө шарт түзөт.