Кыргызстан ИДПсы 2030-жылга карата 32 млрд долларга жетиши мүмкүн

Кыргызстан ИДПсы 2030-жылга карата 32 млрд долларга жетиши мүмкүн

Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүштү көрсөтүп, мурда коюлган божомолдордон ашып кетиши мүмкүн экенин брифингде Экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов билдирди.

Анын айтымында, 2030-жылга ИДП 30 млрд доллар болот деп пландалган. Бирок алдын ала эсептөөлөр боюнча бул көрсөткүч 31–32 млрд долларга жетиши мүмкүн.

Салыштыруу үчүн айтсак, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДП 2 трлн сомду түзүп, бул 22,5 млрд долларга барабар болгон. Ал эми жан башына эсептегенде ИДП 3 миң долларды түзгөн.

Экономиканын өсүү темпи 8,5% деңгээлинде сакталууда. Негизги өсүү факторлору төмөнкүлөр болуп саналат:

  • курулуш тармагы
  • кызмат көрсөтүү сектору
  • өнөр жай
  • транспорт

Негизги капиталга инвестициялар 18–20%га өсүүдө. Бул энергетика, саламаттык сактоо тармактарындагы ири долбоорлор жана социалдык турак жайларды массалык түрдө куруу менен байланыштуу.

Инфляция боюнча айтсак, өткөн жылы ал 9%дан жогору болгон. Учурдагы жыл үчүн максаттуу көрсөткүч 5,7% деп белгиленген, бирок бул божомол кайра каралышы мүмкүн. Бааларга тышкы факторлор — логистика, дүйнөлүк рыноктогу май менен канттын баасы сыяктуу көрүнүштөр таасир этсе, ички факторлор — аба ырайы жана эгин айдоо аянттарынын көлөмү таасир этет.

Чоро Сейитов белгилегендей, экономиканын активдүү өсүшү эмгек акы фондунун көбөйүшүнө алып келип, бул бааларга кошумча басым жаратууда. Инфляцияны кармап туруу үчүн  Улуттук банк эсептик пайыздык ченди азыркы деңгээлде сактап турууну пландап жатат. Бул жарандарды көбүрөөк акча топтоого, ал эми чыгымдоону азайтууга үндөп, туруксуз мезгилде рынокту турукташтырууга жардам берет.

Мындан тышкары окуңуз

"Бишкек Аренанын" аймагына 300 миңден ашык гүл отургузулду

"Бишкек Аренанын" аймагына 300 миңден ашык гүл отургузулду

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өтө турган "Бишкек Арена" стадионунун аймагында көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ленин райондук администрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, "Бишкекжашылкурулуш" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери стадиондун айланасына 642 түп акация, 3 миң 796 түп бадал жана 300 миңден ашык бир жылдык гүл

Тажикстандан алынып келинген коон-дарбыз Кыргызстанга киригизилген жок

Тажикстандан алынып келинген коон-дарбыз Кыргызстанга киригизилген жок

Баткен облусундагы “Кайрагач” фитосанитардык көзөмөл пунктунда Тажикстандан алып келинген 160 кг коон-дарбызга фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө жүккө тиешелүү фитосанитардык сертификат жок экени аныкталды. Белгиленген талаптарга ылайык, фитосанитардык сертификатсыз жогорку фитосанитардык тобокелдиктеги карантиндик продукцияны алып кирүүгө жол берилбейт. Сертификатсыз 5 кг чейинки подкарантиндик

Си Цзиньпин Кыргызстанга келет

Си Цзиньпин Кыргызстанга келет

Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин 30-августта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына жарыяланды.  Маалыматка таянсак, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Кытайдын ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат. Сапардын жыйынтыгында мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык

Аткезчилик менен ташылган товарлардын наркы 70,2 млн сомду түздү

Аткезчилик менен ташылган товарлардын наркы 70,2 млн сомду түздү

Кыргызстанда 2026-жылдын башынан бери аткезчиликтин 71 фактысына бөгөт коюлуп, кармалган товарлардын алдын ала баасы 70,2 млн сомдон ашты.  Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, 30 учур өткөрмө бекеттерде, 41и чек ара өткөрмө пункттарынан тышкары жерлерде аныкталган. Мындан сырткары, ЕАЭБдин ички чек аралары аркылуу жалпы баасы 49,2 млн