Кумтөрдөгү тоо-кен казуу шарттары татаалдашып, алтындын наркына таасир этти

Кумтөрдөгү тоо-кен казуу шарттары татаалдашып, алтындын наркына таасир этти

Бүгүн «Кумтөр Голд Компани» 2025-жылы өндүрүлгөн алтындын көлөмү, анын өздүк наркы жана компаниянын өндүрүштүк-каржылык ишмердүүлүгүнүн башка аспектилери боюнча маалымат таратты.

Билдирүүгө караганда, Кумтөрдөгү тоо-кен казып алуунун шарттары оорлошуп, алтынды ылгап алуу да татаалдашып, алтындын өздүк наркына таасир этти. 2025-жылы бардык чыгымдарды, салыктарды жана башка төлөмдөрдү эсепке алганда, бир унция алтындын өздүк наркы 1 884  $ түздү.

Ошондой эле өздүк нарктын өсүшүнө дүйнөдөгү акыркы геосаясий окуялардан улам, логистиканын, күйүүчү майдын, реагенттердин, тетиктердин, электр энегриясынын, ж.б. кескин кымбатташы себеп болду.

Мисалы: күйүүчү майлар - 50%, реагенттер жана химикаттар - 70%, оор тоо кен жана көмөкчү техникалардын тетиктеринин баасы 30% чейин кымбаттады. Ошондой эле логистика кыйындап, мурда үч аптада келчү товарлар үч айда жетип, транспорттук чыгымдар 106% же эки эсе өскөн,  электрэнергия 92% кымбаттаган. 

 «Кумтөр Голд Компани» ЖАК тарабынан 2025-жылы 12 081 кг же 388 418 унция алтын өндүрүлгөн. 2025-жылы бир унция алтындын баасы 2882,7  $ башталып, жыл аягында 4 612,95  $ жеткен жана орточо баасы 3 711  $ түздү.

Алтын өндүрүүдөн түшкөн жалпы киреше өткөн жылы 1 млрд 434,6 миллион $ жетип, таза киреше 706 миллион $ ашкан, ал эми салык жана башка төлөм түрүндө мамлекеттин бюджетине 246 млн 507 миң  $ которулган.

Мындан тышкары окуңуз

Таш-Көмүрдө 150 орундуу оорукана жана спорт комплекси курулууда

Таш-Көмүрдө 150 орундуу оорукана жана спорт комплекси курулууда

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 23-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Таш-Көмүр шаарынын 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүү пландары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады. Маалыматка ылайык, шаарда 150 орундуу борбордук оорукананын, спорт комплексинин жана эс алуу

Ишкер Media
Кыргызстанда алгачкы жолу мөңгү көлдөрүнүн жарылуусун эрте кабарлоо системасы орнотулду

Кыргызстанда алгачкы жолу мөңгү көлдөрүнүн жарылуусун эрте кабарлоо системасы орнотулду

ЮНЕСКОнун GLOFCA долбоорунун алкагында (Адаптация фондунун колдоосу менен) "Ала-Арча" суусунун бассейнинде эрте эскертүү системасын орнотуу жана сыноо иштери аяктады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалым болгондой, жабдуулар Өзгөчө кырдаалдар министрлигине расмий өткөрүлүп берилди. Иш-чарага министрдин орун басары Нурбек Жумалиев жана ЮНЕСКО өкүлдөрү катышты. Система климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу

Ишкер Media
Көк-Бел жана Кайыңды чакан ГЭСтеринин курулушу башталды

Көк-Бел жана Кайыңды чакан ГЭСтеринин курулушу башталды

Кара-Көл шаарында 2026-жылы Көк-Бел жана Кайыңды чакан гидроэлектр станцияларынын курулушу башталды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровго Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө маалымдалганын анын абминистрациясы кабарлады. Маалыматка ылайык, буга чейин шаарда чакан Кара-Көл ГЭСи пайдаланууга берилген. Ошондой эле шаарда "Аква Сервис" балыкты кайра

Ишкер Media
Бишкекте каналдар тазаланууда

Бишкекте каналдар тазаланууда

Борбордогу Чыгыш Чоң Чүй каналында 7-Апрель көчөсүнөн Мавлянов көчөсүнө чейинки тилке тазаланууда. 700 погондук метр аянт таштанды жана камыштан арылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, канал жыл сайын жазында жана күзүндө тазаланат. Максаты - каналдардын тазалыгын сактоо жана сугат суусун үзгүлтүксүз берүү. Бүгүнкү күндө шаар боюнча

Ишкер Media